Мезгилдин талабы ушундай
Улан БАТЫРОВ мамлекеттик резервдин эсебинен Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтүнүн башчылыгына дайындалганына моминтип төртүнчү жылга аяк басты. Ошентсе дагы Кыргызстандын Түштүк башкалаасына ирегелеш жайгашкан Аймакты кыска мөөнөттө өнөр жай уюгуна айлантуу аракети абдан күч. Мындай максатын жаңы жетекчи кабарчыбызга курган маегинде деле жашырган жок.
жумушуңузду эмнеден баштадыңыз?
- Кыргызстандын бардык булуң-бурчу – көп улуттуу Мекенибиздин бир
бөлүгү. Демек, мага жат эмес! Мындан тышкары Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтү тууралуу кеңири маалыматты мен түрдүү булактардан өзүнчө топтоштуруп, кеңири анализдегенге дагы үлгүрдүм. Аймактын оош-кыйыштарына айрыкча басым жасадым. Мындан кийинки ишимде мен бул мүчүлүштүктөрдү чекесинен четтетүүгө катуу аракет кыламын!
- Баса, көпчүлүк жаңы жетекчилер башында эле аппаратын жаңылачу. Ошентип, өзүнө гана ыңгайлуу команданы түптөшчү. Сиз деле ушинткендирсиз?
- Жо-жок! Шарк Айыл Өкмөтүнүн мурунку эле аппараты – эмгек жамааты
менен ийиндеше иштешип жатамын. Адеп жумушумду баштаганда аппаратты чогултуп, “Ким кызматын абийирдүү аткарбаса, ал – менин командам эмес!” — деп абдан катуу эскерткенмин. Азырынча бир кызматкериме ишиндеги кемчилиги үчүн сөгүш жарыяладым. Ал эми экинчисин мансабынан төмөндөттүм.
- Деги азыркындай кыйчалыш заманда Сиз Шарк Айыл Өкмөтүнүн бюджетин кантип көтөрмөкчүсүз?
- Мен бул жакка келгиче Шарк Айыл Өкмөтүнүн жылдык бюджети 44-45
миллион сомду түзчү экен. Албетте, чоң Айыл Өкмүтү үчүн бул жарыбаган эле каражат. Эми мал базарды – Ачы аймагын – 20-30 гектар аянтты трансформациялайбыз. Анан кыш, темир заводдорун тикелөө аракетибиз дагы күч!
- Карасаңыз, аймакта гектарлаган аянттар азыр бопбош эле жатат. Ал эми карапайым калктын басымдуу бөлүгү дагыле жумушсуз. Сиздер деле жапжаңы заманбап чакан жана орто ишканаларды катарынан куруп, бул көйгөйлөрдөн арылуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?
- Кантип? Түштүк Кореянын Квонджу шаары, Кыргыз Республикасынын эмгек жана миграция министрлиги менен биз үч тараптуу келишим түзгөнбүз. Жакын арада бул өлкөгө жердештерибизди жумушка жөнөтөбүз. Мындан тышкары Шарк Айыл Өкмөтүнүн чоң айылдарында чакан жана орто ишканаларды тикелөө ниетибиз бар. Бул өүүттө чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү активдештирдик.
- Улан мырза, Шарк Айыл Өкмөтү Ош шаарына канаатташ жайланышкан. Андыктан, көп кабатуу заңгыраган үйлөрдү куруп, социалдык бир катар көйгөйлөрдөн кутулбайт белеңиздер?
- Биздин башкы Планыбызда дал ушундай асыл максатыбыз бар. Мисалы, Он-Адыр тилкесиндеги он гектарды транформациялатсак, ипотекалык компаниялар менен сүйлөшмөкчүбүз. Ошентип, бир эле мезгилде башыбызды куп ооруткан турак жай, мектеп жана дагы бала бакча көйгөйлөрүнөн биротоло кутулмакчыбыз.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Улан БАТЫРОВ 1988-жылы 15-мартта бир кездеги Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында туулган. Кыргыз-Славян университетинин мамлекеттик башкаруу кызматы факультетин аяктаган. Эки уул, бир кыздын атасы. Жубайы Асылай Жээнали кызы — үй кызматкери.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош облусу.
СҮРӨТТӨРДӨ: 1) 2), 3), 4), 5), 6) Улан БАТЫРОВ — Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтүнүн башчысы. 7), 8), 9), 10), 11), 12), 13), 14), 15), 16) Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтү.
Сүрөттөр автордуку.