• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Таштанды талаага фабрика кургандар жана аларга таш аткандар…

Автор:ruh_admin

Сен 12, 2022

Саясат жыттанган талаш-тартыш, түбү келип эле таасир талаш, дүйнө талаш талкуулардан айланып өткөнгө аракет кылам мүмкүн болушунча.

Жасаган иштерин өз көзүм менен көргөн жигиттердин иши жөнүндө өйдө-төмөн сөздөр айтылып жаткан соң пикиримди айтып коюуну туура көрүп турам. Кеп “ИХЛАС” брендинин алдына бир нече ишканаларды бириктирип иштеп келе жаткан ага-инилер ОСМОНОВдордун бир иши “Кыргызтекстиль” фабрикасына берилген жердин мыйзамдуулугу боюнча, деги эле Осмоновдордун ишкердиги жөнүндө.
“Кыргызтекстиль” Кыргызстандагы эң заманбап, акыркы үлгүдөгү технологиялар колдонулуп, Европа Биримдигинин талаптарына ылайык, дүйнөлүк бренддерден буйрутма алып иштөөнү башынан эле максат кылып курулган фабрика. Андан да башкысы Кыргызстандан эшелон-эшелон болуп кетип жаткан миграция агымын токтотуу, кыз-келиндерди, жаштарды иш менен камсыз кылуу ниети коюлган. Эгер Нурбек Осмонов акча табууну максат кылганда Оштон 40 мүнөттүк жол болгон Анжиян облусунда күн алыс ачылып жаткан заманбап фабрикаларга капитал салып, ошол жактан эле акча жасамак. Кошуна Өзбекстан миллион доллар эмес, 10 миң доллар салган инвестор болсо да кучак жайып тосуп алып, өз кепилдигине алып иш берип жатат.
Ал эми бизде болсо, кезегинде 13 миң адамды иш менен гана камсыз кылбастан, миңдеген бойдок жигиттерди аялдуу кылган, өңчөй өзбек улутунан туруп калган эски шахар Оштун титулдук улуттун шаары болуп калышына эбегейсиз салым кошкон, жалпы Фергана өрөөнүндөгү гигант ишкана ОШ ХБКны таш-талканын койбой талкалап, куну алтынга барабар станокторун Кытайга темирге өткөрүп, ордуна базар салып, базардан арткан жерлерин жеке менчик үйлөргө участок кылып саттык, баягы күү-шаа түшкөн, жаштыктын, сулуу кыздардын, тигүүчүлөрдүн кичишаарчасы болгон аймакты сойкулардын, күнүмдүккө квартира бергендердин шаарчасына айланттык да, өзүбүз Россиялап тентип кеттик.
Ал эми иштин көзүн таап, күн-түн дебей тыйынга тыйынды кураштырып, иш орун түзгөндөр эми фабрика курууга, завод курууга жер таппай, паракор чоңдорубуздун босогосун тытып жүрүшөт.
Азыр “Кыргызтекстиль” фабрикасы курулган жерге эси бар инвестор эч качан келбейт. Элестеткиле, шаар таштандысы төгүлгөн, инфраструктурадан ныпым эчтеке жок, суу, электр энергия, жол, канализация барбаган, как эткен карга менен кук эткен кузгун, таштанды аралап ырыскы издеген чычкан-келемиштен башка эч нерсе жок аймакты!
Ошол жерди фабрикага ылайыкташ үчүн канча тонна солярка кетти? Эмгегин төлөп бергенге канча акча кетти? Электер энергиясын, суу алып барганга канча кетти? Жол салганга канча кетти? Ушул суроолорду бирөө-жарым бердиби фабрика курган балдарга? Бекболот Арзибаев деген ошол эле Жапалактан чыккан депутат мыйзамсыз сатылган ал жерлер деп үнү жеткен жердин баарында кыйкырып жүрөт.
Кыргызстандын Президенттери менен Оштун мэрлеринин көзгө басар ишканалары болуп калган “Кыргызунаакурулуш” менен “Кыргызтекстиль” ишканаларына мынча душман болдуңар, урматтуу Оштун ишкерлери, депутаттары! Кызыкчылыктардын кагылышы, капиталдын талашы болуп жатканы анык дейличи, бирок элди ким ойлойт? Силердин мандат, жеке таарыныч элдин ишинен, элдин кызыкчылыгынан жогорубу? Осмоновдорго асылып жаткан ишкерлерге, депутаттарга ошондой эле фабрика, завод курууга ким тоскоол болуп жатат? Чындыгында “Кыргызтекстиль” курулган жерди бекер эмес, акча берем десе да мисалы мен алмак эмесмин. Осмоновдор көгөрүп отуруп бүтүрүштү, ишке беришти, кластер катары андан ары жасалчу көп иштер алдыда. Кыйкырса үн жетчү жерде Өзбекстан турат, Чүйдө канча фабрикалар курулуп, иштеп жатат, ошол эле Кара-Суу районуна түрк ишкерлери фабрика салып жатышат, ушундай жүрөк сестенткен атаандаштыкка карабай, фабрика курулду. Эбегейсиз акча салынды! Эми ушул чоң ишти колдой албасак, жок дегенде унчукпай турбайлыбы? Тээ 1920-жылдары союздук республикалардын чек аралары такталып жатканда Ош шаарынын тегерегинде жашаган мунгуш балдары делген төлөйкөндүктөр, жапалактыктар, соколоктуктар, жооштор жана башкалар Оштун Кыргызстандын шаары болуп калышында чоң роль ойногон элек. Эми ошол Ошту курчап турган айылдардан ишкер балдар чыгып, тыйынга тыйын курап, завод, фабрикаларды куруп, шаарларды салып жатса, анча-мынча сүйүнбөйлүбү? Же ишке жарактуунун баары сыртка кетип, кен байлыгың, кызарган жериңдин баары чет элдиктерге сатылганда, бул жакта калган-каткан элибиз ошол чет элдиктердин колунда иштеп калганда эсибизге келебизби?
Саясатчы болом, эл жүгүн мойнума алам деген адам, эң оболу, заманын тааныш керек го. Кайсы замандабыз, не деген иштер болуп жатат, эл агымы, капитал агымы, өндүрүштүк күчтөрдүн агымы кайда агып жатат? Заман нугу кайда бурулду? Башты бир чулгап алып, жеке таарынычтардан жогору көтөрүлбөйлүбү?
“Кыргыздын душманы – кыргыз” деп раматылык Динмухаммед Кунаев айтты эле. Союздан калган мүлктөрдү, ХБК, Жибек Комбинаты, Комвол-нооту комбинаты, Булгаары заводу, Ленин заводу, Фрунзе заводу деген уникалдуу гигант ишканаларыбызды бир мыгын койбой талкаладык. Алардын ордуна азыр мончолор, супермаркеттер, базарлар турат. Алардын көбүн деле өзүбүз салган эмеспиз. Гитлер акабиз СССРге кол сала калып, Россиянын батыш бөлүгүндөгү көп ишканалар Кыргызстанга келип калган.
Тарых кайрадан кайталанып, христиан дүйнөсү кырды-бычак болуп, Украинада чоң согуш чыкты. Булар дагы эмненин үстүнөн чыгат, белгисиз. Мен билгенден Кыргызстанга Украина, Россиядан көп завод-фабрикалар келип жатат. Капитал бизге агылууда. Өз көзүм менен Россиядан, Украинадан көчүп келген адамдарды, бизнестерди көрдүм.
Фабрикаларга буйрутмалар толуп, тикмечилер көздөн учуп жатат.
Ушундай тарых өзү түзүп берген кырдаалда, оштукча айтканда, пайити келип турганда, көчүк чукушмайды токтотуп, иштеп калбайлыбы?.. Жакында бир Кыргызстанга таанымал ишкер айым: “1000 орундук цех курсам, араң 300 кыз табылды, алардын да айлыгын эң жогору коюп, араң кармап турам. Өзбекстан эң акыркы үлгүдөгү заманбап фабрика куруп, иштетип бер”, — деп чакырып жатышат. Кандай кылабыз? Тикмечилерди кайда табабыз дейт.
Ушундай оомал-төкмөл болуп турган заманда ынтымакка келип, жер бетине жылдыздай чачыраган кыргыздарды бир чогултуп албайлыбы?
Ким билет? Бир айылдын суусун ичип, бир арыкка чөмүлүп чоңойгон балдар ынтымакка келе албай ыркырашып турган жерде кандай өнүгүү болот?
Азыркы “Азия Молл” турган жерде заводдун стадиону болгон о илгери. Мезгилдин күүсү менен стадион бузулуп, түрктөр заманбап комплекс салаарда Ишенбай Кадырбеков деген депутат асылып жүрүп, чоң долбоорду токтотуп, канча адамдын ырыскысын кол салды эле… Акырында ал жер кайра эле башка көпөс Бабановдун колуна өттү. Түрктөр келиштире салган “Ак Кеме” мейманканасын тартып алдык, натыйжасы белгилүү… 20 күн революционерлер жатышты. Андан соң чалдабары чыгып калган имаратты индустарга ижарага берип, акырындап оңдоп баштаган жаш ишкерди түрмөгө тыктык…
Иши кылып, кыргыздар бул кылымда өнүкчү түрүбүз көрүнбөйт. Орус же кытай келип как чокубузга урганда эсибизге келет окшойбуз. Эки жүз жыл калмак-ойроттор, 150 жыл орустар башкарып, төбөбүзгө камчы ойнотуп, мамлекеттүүлүк, эгемендүүлүк көзүбүздөн учту эле.
Эми минтип эгемендүүлүгүбүз колубузга тийип, өз арабабызды өзүбүз тартаарда кайра эле кокту-колот болуп алып, байлык талашып, мансап талашып, мандат талашып ит-мышык болуп келе жатабыз. Буга жапалактык Осмоновдор менен Арзибаевдин Чубактын кунундай чубалып келе жаткан ызы-чуулары айкын мисал.
Принципке барып, мыйзамдуулукту талап кылчу болсок, анда Ош шаарында мыйзамдуу курулган бир да имарат калбайт. Мелис Мырзакматовдун тушунда кыргызча ура, ура менен канча үйлөр түрттүрүлүп кетти. Канча курулуштар шашылыш, саясий чечим менен курулду.
Анда Бекболот Ош шаарында буга чейинки жасалган иштердин, курулуштардын, кабыл алынган чечимдердин бардыгынын мыйзамдуулугун көтөрүп чыксын. Буга ал жигиттин өмүрү жетпейт болуш керек. Акаев тушунда Ошто ачылган бардык юрфактардын бүтүрүүчүлөрүн чогултуп келсе да, бул көп азапты баштан өткөргөн шаарда жасалган иштердин мыйзамдуулугун аныктап бүтө албайт. Анткени Ош — өз жазылбаган мыйзамдары бар, коррупция мамлекеттин жүлүнүнө чейин кирип кеткен шаар.
Менин оюмча, таштанды талаага заманбап фабрика курган Осмоновдорго алтындан болбосо да, калайдан эстелик тургузуу керек. Бу намазкан жигиттер өздөрүнө эстелик курулушуна каршы чыгаарына бөркүмдөй ишенем. Менимче, Аллах Таала табышкерлик акыл, ишкерлик жөндөм берген эл багар бу балдар үчүн дуба кылуудан башка эч кандай жардам бере албайбыз.
Осмоновдорду Аллах Таала көралбастардын каршылыктарынан, бийлик ээлеринин кысымынан, атаандаштарынын кыянатчылыктарынан, ач күсөндөй тойбос текшерүүчү органдардан, күлүп туруп далыдан бычак сайган кара ниет достордон сактасын. Кудай асмандан түшүп келип, колуңа ырыскы таштабайт. Осмоновдордой кишилердин колу менен ишкана түзүп, ошол аркылуу элге ырыскы берет. Ошондой азаматтарга жардам бере албасак да жок дегенде тоскоолдук кылбай, өз арабабызды акырын кыймылдата берели, туугандар!
Баса… Осмоновдордон бир тыйын албадым пост үчүн. Алардан фейсбукка чыгарып салыпсыз деген жеме гана угуп келе жатам ушуга чейин. Бирок, тааныгандар, жакшылык иш болсо, Меккеге барып да мактап келеримди жакшы билишет.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс