• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ОШТО СОЦТАРМАК АРКЫЛУУ ТЕРРОРИСТТИК УЮМДУН МАТЕРИАЛДАРЫН ЖАЙЫЛТКАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 12, 2022

ОШ. Ош жергесинде социалдык тармактар аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын жайылтуу фактысы аныкталды.

Соңку сааттарда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Фейсбук» социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Атайын теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги ашкереленди.

Буга дейре ушул жылдын 7-сентябрында «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, КараСуу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун КызылКыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү жараянынын жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс