• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕН ШААРЫНДА 11 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 100 МИҢ СОМДОН ССУДА ТАРАТЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 12, 2022

БАТКЕН. Баткен облусунун борбору Баткен шаарында 11 үйбүлөгө социалдык жардам берүү максатында ссуда иретинде 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Баса, буга дейре «Социалдык келишим» долбооруна Баткен шаары жана Баткен районунан жалпы жонунан 48 үйбүлө бизнеспландарын тапшырышкан эле. Аталган долбоордун алкагында Баткен шаарындагы 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн Үйбүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 11 аялуу жана аз камсыз этилген үйбүлөлөр эми жеке бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүнө татып олтурушат.

Ошентип, Баткен райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүнбай Сатыбалдыевдин ырасташынча,  «Социалдык келишим» долбоору 3 жылга эсептелген. Бул аралыкта насыя алган үйбүлөлөр жеке бизнесин ачышып, жөлөк пулга муктаж үйбүлөлөр категориясынан милдетүү түрдө чыгышы абзел! Ушул убактылуу Жобону жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен жыл сайын 300 миллион  сом каралат.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс