ОШ. Араван районунда терминалдарды ар кандай кырдаалда карактап, алардын ичиндеги акчаларды коркпостон уурдоо менен алектенген атайын кылмыштуу топ кармалды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, ушул жылдын 2-сентябрь күнү таңкы саат 03:00 чамасында Араван районунун Гулбар айылынын дүкөндөрдүн биринде жайгашкан «Нур телеком» жана «Скаймобайл» компанияларынын терминалдарын жана алардын ичиндеги 105 400 сом акчаны белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Араван РИИБсине арызданышкан.
Ошентип, атайын тергѳѳнүн жүрүшүндѳ бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгѳн, Кара—Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды дагы талкалап, уурулук кылгандары ырасталды. Алар 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу жарандар экен. Шектүүлѳр дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошентип, аталган факты Араван РИИБсынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш—Жаза Кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Ушул тапта тергѳѳ жараяны кызуу улантылууда.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.