• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ИИМдин БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ А. БИЙБОСУНОВ НООКАТТЫКТАРДЫН МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 8, 2022

ОШ. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен бетме-бет жолугушту. Бул кездешүүгө андан тышкары өлкөбүздүн башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов дагы кошо катышышты.

Жыйындын жүрүшүндѳ жергиликтүү тургундар өздѳрүнѳ тиешелүү өтө олуттуу кѳгѳйлөрдү гана үстөккө-босток көтөрүштү. Маселен, жазгы жана күзгү эгиндерди айдоодо үрѳн маселеси менен дыйкандарды камсыз кылуу ѳз убагында жүрбөстөн улам жле кечеёдеп жаткандыгы, сугат жана таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун айланасындагы баш ооруткан маселелер, күйүүчүмайлоочу майлардын, айылчарба техникаларына керектүү запастык бѳлүктѳрдүн сапатын жана дагы баасынын кѳтѳрүлүшүн туруктуу көзөмөлдөө, автоунаа жолдорунун кейиштүү ал-акыбалы, туракжай өңдөнгөн бир катар социалдык маселелер байма-бай кѳтѳрүлдү. Буга улай атайын арыз менен кайрылышкан жарандардын даттанууларын дагы кабыл алышты.

Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мал уурулуктун бетинин ачылбай жаткандыгына, арыздарды кароо мѳөнѳтү атайылап создуктурулуп аткандыгына даттанышып, ошол эле учурда жержерлерде милиция кызматкерлерине ыраазычылыктар дагы кошо  айтылды. Маселен, жергиликтүү тургундар милициянын аймактык тескөөчүлөрү өз милдеттерин так аткарышып жаткандыгын, милиция кызматкерлери ар бир чакырууга ыкчам келип, буга улай мыйзам чегинде катаал чараларды көрүшүп жатышкандыгын баса белгилешти. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттанууларын өзүнүн чөнтөк дептерине жазып алгандыгын жана арыз-даттануулардын баарынын теё мыйзам чегинде гана чечилүүсүн жеке кѳзѳмѳлүнө ала тургандыгын катуу убадалады.

Жолугушуу маалында ошондой эле жарандар Ички иштер министринин биринчи орун басарына түз кайрылышып, мал уурулук, мүлк талашкан арыздарынын каралышын, тергѳѳнүн жүрүшүн көзөмөлдөп берүүсүн дагы ыраса өтүнүштү. Андан ары кездешүү суроо-жооп форматында узак жүрүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдыкэкономикалык маселелер боюнча дагы олуттуу суроолорун узатышты. Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн тереё ыраачылыгын дагы жашырышкан жок.

 Ошентип, мындай иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуштиричилигине байланышкан маселелер боюнча жеринде кабар алуу жана аны ыкчам чечүү тапшырмасын аткаруу максатында активдүү уюштурулуп жаткан маалы.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс