• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Эки достун таш үйү

Автор:ruh_admin

Сен 8, 2022

Улан Саттаров деген укук тармагынын ичеги-кардын чубаган, республикабызга таанымал юрист, адвокат досум бар. Экотуризм, мал чарбачылыгы багытында иш кылайын деп Талант деген досу менен чогуу Токмок шаарынын үстү жагындагы Кызыл-Суу капчыгайында конок үй куруптур. Ылайдан эмес, кирпичтен эмес, кадимки сай-сайда жаткан сансыз таштардан жасаптыр үйдү. Жерге-Талчы үч уста уруптур таш дубалды. Аянты 150 квадраттай таш үйдүн аурасын сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Залына автолордун дискинен ширетип, темир меш жасашыптыр. От жакканда үй ичи Ташкент болуп кетет дейт. Душу болсо булак суусуна туташыптыр.

Жерге чоң энелерден калган шырдактар төшөлүптүр. Аяш энемин чебер колунда ийленген көлдөлөң үстүнө отурсаң өзүңдү хан тукуму сезет экенсиң.
Жай аптабында жакшы уктай албадым быйыл. Уландын таш үйүнө барып, 14 саат уктаптырмын. Турам, чай ичем, кайра эле жыгылам. Эс-мас болуп сонун уктадым. Күнүмдүк көртирликтин ташпиши, шаардын ызы-чуусу, андан да башкысы, адамдардын терс энергетикасынан аябай чарчаган экенмин. Таш үйдө уктап таштай жүктөн кутулгандай болдум. Өзүмдү жепжеңил сезип, мээм чыкылдап сонун иштеп, акылым аябай тунуп калганын байкадым. Иштегим келип, маанайым көтөрүлүп, айтып түшүндүрүп бере алгыс сезимдерди кучагында жүрдүм.
Кызыл-Суу капчыгайы дары чөптөргө, айрыкча, миң ооруга даба бадал — чычырканакка бай экен. Дарыя бойлой басып, шар аккан суунун, аркырап соккон шамалдын айтып бере алгыс энергиясын алдым. Капчыгайды өрлөй барсаң Кочкорго ашып кетсең болот экен. Сол жакка жүрсөң Боом капчыгайындагы Кыз-Күйөө айылына, кадимки Акин Токталиевдин мечитине барып калат экенсиң. Күнү-түнү шамал ыркыраган белге чейин чыгып бардык. Союз учурунда ал кырга шамалдан ток энергиясын алган генератор орнотулган экен. Кыргыздар бир буроосун койбой талкалап, металлга өткөрүп салышыптыр. Электр энергия тээ жайлоолорго чейин барчу экен илгери, зым карагайларды чагып, арматурасын алып, зымын болсо темирге өткөрүп жиберишиптир.
Кызыл-Суу капчыгайына көптөгөн малчылар жайлоолошот экен. Потенциалы абдан жогору, чөбү күчтүү, келечекте мыкты экотуристтик аймак болчудай.
Улан менен Талант сезон убагында бээ сүтүн ичкен конокторду кабыл алышат. Быйыл конок аябай көп болду дешти. 1 чакырымдай жерден булактан суу тартып келип, үйгө киргизишиптир. Булактын суусун ичип, булактын суусуна жуунган кандай керемет! Эми ага тоонун таза абасын, таш үйдүн жагымдуу аурасын, андан да башкысы телефон, интернет тартпаган жымжырттыкты кошуңуз. Бул нерселерди канча акчаң болсо да сатып ала албайсың. “Тоолордон мыкты тоолор гана болушу мүмкүн” дегендей, тазалыкты, бейпилдикти, улуулукту, жымжырттыкты тоолордон гана таба аласың.
Эки достун алдыда өтө көп пландары бар экен. Келечекте форель өстүрүү, келген коноктор үчүн таза форель, таза эт, сүт берүү, ылдыйдагы үлүш жерине органикалык ыкма менен жашылча-жемиштерди өстүрүп, конок үйгө келгендерге таза азык-оокаттарды берүү, малдан чыккан көңгө сөөлжан койо берип, андан биогумус алуу, биогумустан суюк биокомпост жасап, улам куну учуп бараткан жайлоолорго жер семирткич берүү жана башка көпчүлүктүн оюна келбеген мыкты пландарын айтып беришти. “Идея итте да бар, маселе аны ишке ашырышта”, — деген раматылык Бейшекемин канаттуу фразасы бар эмеспи. Улан, Талант идеяны башта катып эле жүрө бербей, турмушка ашырып жатышыптыр.
Талант — Россиядан агрономия тармагында жогорку билим алган, жогорку кызматтарда иштеген, турмуштук тажрыйбасы толуп-ташып турган киши. Улан болсо убагында Жогорку Сот Төрагасынын жардамчысы деген жогорку кызматка чейин жеткен билимдүү, компетенттүү, паам-паразаты, ички маданияты өтө жогору инсан. Элдик тил менен айтканда, “левый” акчасы өтө көп тармакта орду бар адис. Өз ишинде деле ханга салам бербей жашап келишет эки дос.
Бирок ошого карабастан адал бизнес ачып, элге-журтка, Жер Энеге пайдасы тие турган ишти кылып жаткан бул жигиттердин үй-булөлүк ынтымагына, бири-бирин айттырбай түшүнүп, бирин-бири толуктап тургандыгына, бардык маселелерге сергек, акыл токтотуп мамиле кылгандарына суктандым.
Эки достун таш үйү кайра-кайра келе бере турган жер экен. Мүмкүн болсо тез-тез келип турайын деп ниет кылдым. Таш үйдөгү уйкунун өзү – алмашкыс эс алуу. Аны бул үйдө уктаган адам гана түшүнөт.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс