• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ЧОҢ-АЛАЙЛЫКТАР ЖОГОРКУ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНӨ ДАТТАНЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 8, 2022

ОШ. Борбордук бийлик өкүлдөрү бул сапар Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен ачык-айкын жолугушту. Иш-чарага Башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов катышышты.

Жергиликтүү жашоочулар негизинен Чоң-Алай районунун аймагында кендерди иштеткен компаниялар соцпакеттерди төлөөсү, пенсия, жѳлѳк пул, мектептин курулушуна муктаждыктар, чек арага жакын жердеги жайыт маселеси боюнча кѳйгѳй, чек арадан ѳтүп кеткен малдарды кайтара албай жаткандары, таза суу маселеси боюнча дагы кеңири кайрылышты. Бул ирет дагы жолугушуу суроо-жооп форматында өткөрүлүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча дагы суроолорун үстөккө-босток узатышты.

Белгилей кетээрибиз: аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эл менен жеринде жолугушуулары президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы боюнча аймактарда өткөрүлүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс