Кыргызстандын башкалаасы Бишкектен Ош шаарына авиакаттамдардын саны мурдагыдан көбөйтүлдү.
Бул туурасында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Тез Жет” авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча кошумча дагы үч каттамды ачты. Буга дейре Ош шаарына жумасына 58 каттам гана аткарылып келген.
Жүргүнчүлөрдү үч ата мекендик авиакомпания туруктуу тейлеп келатат. Булар – “Тез Жет”, “Авиа Траффик Компани” жана “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниялары.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.