• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

АРАВАНДА ЖАШОО-ШАРТЫ НАЧАР 50 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 100 МИҢ СОМДОН ТАРАТЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 8, 2022

ОШ. Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз этилген 50 үйбүлө чакан бизнес баштоо максатында 100 миң сомдук  сертификаттарды алышты.

Ошентип, эл арасынан калыстык менен иргелген үйбүлөлөргө акчалай сертификаттарды Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева тапшырышты.

Араван районунун “Социалдык контрактынын” катышуучулары таратылган каражаттарды мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азыктүлүк дүкөндөрүн, сулуулук салонун жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнести баштоого пайдаланууга гана ниеттенип жатышат.

Баса, “Социалдык контракт” долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен 292 миллион бөлүнүп, өлкө боюнча 2800 аз камсыз этилген үйбүлөлөргө гана берилет. Каражат турмуш-шарты начар үйбүлөлөргө чакан бизнес ачууга гана максатталган.

Белгилей кетчү жагдай: аз камсыз этилген үйбүлөлөрдү колдоо максатында 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку кайтарымсыз каражаттарды берүү президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси аркасында жүзөгө ашырылууда.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс