• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

АКш мектеп окуучуларына байытылган өсүмдүк майын тартуулады

Автор:ruh_admin

Сен 8, 2022

АКШ 24 МИҢДЕН АШУУН КЫРГЫЗСТАНДЫК МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН САПАТТУУ АЗЫКТАНДЫРУУ МАКСАТЫНДА БАЙЫТЫЛГАН ӨСҮМДҮК МАЙЫН ТАРТУУЛАДЫ

 

БИШКЕК. 2022-2023-окуу жылында 24 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары Кыргыз Республикасына жакында алып келинген 40 тонна байытылган күн карама майы кошулган ысык азыктандыруучу тамак менен камсыз этилет. Бул май Чүй, Ош, Баткен жана ЖалалАбад облустарында жайгашкан 120дан ашуун айыл мектебинин башталгыч класстарына бекер таратылат. Жалпы жонунан 500 тонна азыктүлүк, мунун ичинде ун, күрүч, буурчак жана жасмык 2022-жылдын сентябрьоктябрь айларында АКШдан Кыргызстандын бардык мектептерине ташылып жеткирилет.

Баса, өсүмдүк майы менен камсыздоо — «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» 5 жылдык программасынын бир бөлүгү. Аталган программа АКШнын Айыл чарба министрлигинин (USDA) каржылоосу аркасында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министирлигинин өнөктөштүгү аркасында жүзөгө ашырылып жатат.  

Ошентип, 2022-2023-окуу жылында Кыргызстандагы 120дан ашуун элет мектеби агартуу журтунда тамактандырууну уюштуруу үчүн азыктүлүккө кошумча ашканаларды оңдоптүзөөгө жана  заманбап ашкана жабдууларын алууга мүмкүнчүлүк алышат. Буга улай аталган Программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептин суу жана гигиеналык инфратүзүмүн калыбына келтирүүгө колдоо дагы көрсөтөт. Ал эми мектеп кызматкерлери жана атаэнелер Кыргызстандагы балдардын тамактануу рационун, ден соолугун жана азыктануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окутуулардан өткөрүлөт. АКШнын Айыл чарба министрлигинин «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» прграммасы беш жыл аралыгында Кыргызстандын алты облусунда 400дөн ашуун мектеп жана 100 000ден ашуун окуучуну камтыйт.

МЕРСИКО — Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан Эл аралык бейөкмөт уюм. МЕРСИКО USDAнын колдоосу аркасында 2012-жылдан бери МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» прграммасын жүзөгө ашырып келатат. Программанын жаңы айлампасы 2021-2026-жылдардын аралагында жүргүзүлөт.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс