Тынчы жок Айыл Өкмөтү
Дээрлик он алты жыл бою Ош облусуна караштуу Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүн үзгүлтүксүз башкарып келаткан Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВ бийликте узакка кармалуу сырларын апачык бөлүштү. Ушуга улай Айыл Өкмөт башчыларынын район ичинде гана ротацияланышын кубаттай тургандыгын, бирок, булардын бир райондон өмүрүндө таанып—билбеген башка аймактарга которуштурулуп иштетилиши дээрлик үзүрүн бербестигин кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок.
- Кантөрө мырза, Сиз Кыргызстанда дээрлик эң эле узак жылдар бою иштеп келаткан Айыл Өкмөт башчысысыз. Бул аткаруу бийлигинде минтип узакка туруктуу кармалышыңыздын сыры эмнеде, ыя?
- Жашырып не. Мен баш—аягы он алты жылдан бери Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүн тынымсыз жетектеп келатамын. Анткени, төрт ирет бул орунга эч кандай атаандашсыз шайландым.
Алишер, мунун жашыргыдай деле сыры жок! Биринчиден, намыстанып, калк үмүтүн сындырбайын деп, дагыле камчы салдырбастан иштеп келатамын. Экинчиден, бул аралыкта башкаруунун сырларын дээрлик толук өздөштүрүпмүн десем жаңылышпаймын. Үчүнчүдөн, жалган убадалардан, ошондой эле аткарылгыс милдеттенмелерден караманча алысмын. Дээримден көзүм жана кудуретим жетчү нерселерге гана чарпыламын.
- Узап бараткан мезгилде кандай олуттуу ийгиликтерди
- Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүнүн Стратегиялык Өнүгүү Планы бар. Буга дейре жергиликтүү бюджетибиздин киреше бөлүгү республикалык бюджетти кошо эсептегенде 29 454,5 миң сомго аткарылып, план жалпы жонунан 102,8 пайызды чапчыды. Аймактын дүң продукциясынын өсүү темпи негизинен Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн, буга улай пайдаланыбай кысыр жаткан жерлердин аянтын кыскартуу менен жүзөгө ашырылууда. Маселен, буудай эгүүнү 70-80 гектарга, көп жылдык өсүмдүктөрдү 10-15 гектарга көбөйттүк. Буудайдын түшүмдүүлүгүн 0,5 центнерге, ал эми дандыкын 1,3 центерге, жүгөрүнүкүн — 1,3 центнерге, жашылчаныкын 1,7 центнерге, мындан тышкары май өсүмдүктөрүнүкүн 1,2 центнерге дейре жогорулаттык.
Айыл Өкмөтүбүздүн карамагындагы кайра бөлүштүрүү жер фондусун кошкондо 1740 гектар аянтыбыз бар. Мунун 52 гектары — сугат, 713 гектары — кайракы. Көп жылдык бак—дарактар 25 гектар, ал эми чөп чабык — 950 гектар. Ошентип, сугат аянтынан — 89 480 сом, кайракы жерден — 534 850 сом, көп жылдык бак—дарактардан — 38 091 сом, чөп чабылган аянттардан 455 810 сом, айыл чарбасына жараксыз аянттардан 98 487 сом, а жалпысынан 1 216 718 сом киреше түштү.
бизнес түзөт. Маселен, 5 тегирмен, бир май чыгаруучу цех, 3 пахта аттыруучу цех, 2 вулканизация, 4 машине оңдоочу жай, 1 тигүү цехи, жалгыз кум—кыш өндүрүүчү цех үзгүлтүксүз калк кызматында. Айтмакчы, өнөр жай тармагында эмгектенгендердин дээрлик 40-50 пайызын жалаң гана аялдар түзүшөт.
- Турмуштун өзүнүн телегейи тегиз эмес. Андыктан, бул
тирүүчүлүктө жүзөгө ашпай калган тилектериңиз деле бардыр?
- Он төрт жылдан бери Баш—Булак айылындагы Пиримбердиев
атындагы мектептин курулушунун таптакыр багы ачылбастан келатат. Анткени, бул билим журту өткөн кылымдын 1961-жылында тикеленгендиктен, дээрлик эскирген. Мындайча айтканда, пайдаланууга таптакыр жараксыз! Анан дагы окуучулардын саны 1500дү чапчыды. Бул дагы олуттуу көйгөй жаратып, башыбызды куп оорутуп жаткан чагы.
- Сиз биз билгенден башынан эле Айыл Өкмөт
башчыларынын дайындалышынын туруктуу тарапкерисиз. Эми буларды ротациялап, бейтааныш аймактарга которуп иштетүү демилгесин кубаттайсызбы? Анан калса ушул жышаан бара—бара өзүн—өзү актаар бекен?
- Президентибиз Садыр Жапаровдун Айыл Өкмөт башчыларын
ротациялоо саясаты кубаттоого гана татыктуу! Бирок, мындай аркеттерди райондордун ичинде гана жүргүзгөн оң. Анткени, бир райондон экинчисине которулган Айыл Өкмөт башчысы жаңы жердин психологиясын, кулк—мүнөзүн үйрөнүп—өздүштүргүчө, климатына жана шартына көнгүчө, убакыттан сөзсүз уттурат. Мунун кесепетинен иши деле жүрүшпөйт.
өлкөбүздөгү шарты абдан катаал аймактардын катарына кошулат. Тилекке каршы, Айыл Өкмөт тургундарына эмнегедир социалдык жеңилдиктер берилбей келатат?
- Кантип? Сиз сураган социлдык жеңилдиктерден Кичик жана
Талдык айылдарынын тургундары пайдаланып эле келатышпайбы. Анткени, ушул эки кыштак гана бизде шарты катаал, анан дагы бийик тоолуу деп эсептелинет.
- Кантөрө мырза, Сиздей тың Айыл Өкмөт башчыларын соңку
тапта райондордун акимдигине дайындап жатышпайбы. Эгерде Сизге деле күтүүсүздөн ушундай сунуш түшсө, үмүттүү актаар бекенсиз?
- Алишер, кокус ушундай сунуш түшсө, ишеничти актаганга
менин тажрыйбам, билимим жана кудуретим жетет деңизчи. Тилекке каршы, мен пенсия жашындамын. Андыктан, ордума татыктуу бирөөнү — айрыкча жаштарды дайындашса, ордумду азыр деле бошотконго дапдаярмын! А түгүл мүмкүнчүлүгүмө жараша алардан кеп—кеңешимди эч аябаймын.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош облусуна караштуу Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүнүн жалпы аянты 253750 метр квадрат. Деңиз деңгээлинен 1759 метр бийиктикте жайланышкан. Район борборунан — 45, облус борборунан — 15, Ош эл аралык аэропортунан — 45 чакырым алыстыкта орун алган. Климаты кескин континенталдуу, жайы — ысык, а кышы — өзгөчө суук, дээрлик беш айга созулат. Акыркы маалыматтарга караганда, аталган аймакта 17 011 калк жашайт. Мунун 16 903ү (дээрлик 99,3 пайызы) — кыргыздар, 59у (0,4 пайызы) — өзбектер, ал эми калган 49у (0,3 пайызы) ар башка улуттун өкүлдөрү. Калкынын 8 431ин (49,6 пайызын) аялдар, 850сүн (50,4) пайызын эркектер түзүшөт. Булардын 9686сы, же жалпы тургундардын 57 пайызы — эмгекке жарамдуулар.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2) Ош облусуна караштуу Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтү. 3), 4) Ош облусуна караштуу Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүн үзгүлтүксүз башкарып келаткан Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВ. 5), 6), 7) Кара—Суу районундагы Катта—Талдык Айыл Өкмөтүндө.
Сүрөттөрү автордуку.