• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ОшМУда БИЗНЕС СЕЙИЛ БАГЫ ИШКЕ КИРИШТИ

Автор:ruh_admin

Сен 6, 2022

ОШ. ОшМУда жогорку билим берүү программалары Мектебинин алдында сейилдөө багы ачылды. Анын тушоо кесүү аземине видеоформат өңүтүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ОшМУнун ректору Кудайберде Кожобеков, ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер кошо катышышты.

Аталган иш-чаранын учурунда PEAK Osh  бизнес идеяларды өнүктүрүү борборунун  менеджери Айдана  Маданбекова, Ага Хан фондунун өкүлү Искендер Кадыров аталган борбордун бизнес идеяларды кубаттоо, айрыкча жаштардын демилгелерин жактыруу жөнүндө мыкты сунуш-талаптарын ачыкташты. Буга улай видеоформаттын катышуучуларына 30 чакты атайын сынактан кийин иргелген стартап-долбоорлор тушоосун кести. Алар ичине тейлөө тармагы, кол өнөрчүлүк, туризм, жер-жемиштерди кургатуу жана соодалоо, окуу курстары өңдөнгөн заманбап идеяларды кенен-чонон камтыган.

Баса, ОшМУнун ишке киришкен бизнес сейил багы студенттерди жана окутуучуларды долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга үйрөтөт. Ошондой эле жаратман долбоорлорду ишке ашыруу үчүн  каражат табууга дагы түздөн-түз көмөктөшөт. Буга улай ОшМУнун карамагына өткөрүлгөн Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №12-кесиптик лицейде дагы жакын арада дагы бир стартап борбор ачылары мерчемделүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс