• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

КАДАМЖАЙДА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 6, 2022

БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү акыры табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында саат 15:25 чамасында аталган райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБсынын ыкчам тергөө тобу жетип барган. Ошентип, окуя болгон жерди ар тараптуу кароо маалында колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылды. Ал Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттукмедициналык экспертиза  дайындалды.

         Фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү”)  кылмыш иши козголду. Ыкчамиликтөө жараянынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион Айыл Өкмөтүнүн 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Булардын биринин үйү тинтилип, далил сыңары “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы камакка алдынды.

         Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров аталган кандуу окуя жеке көзөмөлүндө тургандыгын шардана кылды: — Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин дагы зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам Кыз Сайкал жана Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз дагы бекеринен эмес! Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо максатында улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет. Биз жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү! Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экендигин дагы эстен чыгарбайлы? Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уулкыздарыбызга карата зордукзомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылыккечиримсиз иш! Кылмышкерлер аёосуз жазаланууна тийиш! Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө турмакчы!

Расмий маалыматка таянсак,  былтыр Кыргызстанда зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскартылган. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом Кыргыз бийлигине кайрылып, тийиштүү жана катаал чараларды көрүүнү талап кылган. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс