• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

КҮЙӨӨСҮ 17 ЖОЛУ БЫЧАКТАГАН КЕЛИН КАЗА ТАПТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 6, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунда мурунку күйөөсү бычактап таштаган 24 жаштагы келин каза тапты. Бул фактыны ЖалалАбад облустук милициясынын басма сөз кызматынан дагы ырасташты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-августунан 27сине караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун КочкорАта шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда аялдын киши колдуу болгондугу тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Бул факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине дагы катталып, ал түгүл дароо кылмыш иши дагы козголгон.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана дагы тергөөыкчам тобу барышып, ар тараптуу кароо жүргүзүлүп, кылмыш ишине  тиешелүү материалдар бүт чогултулган. Ошондой эле каза тапкан аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги акыры такталып, анын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, буга улай соттукмедициналык изилдөөгө тапшырылган. Маркумдун денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы дагы аныкталган.

Ошентип, Ноокен РИИБсынын Кылмыш иликтъъ бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү делген адамды кармашкан. Ал каза тапкан аялдын мурунку күйөөсү, КочкорАта шаарынын 1989-жылы туулган А. И. аттуу тургуну экендиги айгинеленди. Шектүү райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынып, Ноокен РИИБсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс