• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ОШ ШААРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЧУҢКУРЧАКТА ЭТНОАЙЫЛ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨРДҮН КӨРГӨЗМӨСҮН ТАРТУУЛАДЫ

Автор:ruh_admin

Сен 1, 2022

ЧҮЙ. Чүй облусунун эң кооз Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган салтанаттын алкагында Ош шаарынын дагы этно айылы ишке киришти. Кыргызстандын Түштүк башкалаасы айтылуу Чуңкурчак жайлоосундагы этно айылдын ачылышында Ош шаарынын кол өнөрчүлөрүнүн 7 боз үйүн жана дагы көргөзмөсүн тартуулады.

Буга улай боз үйдү чечүү боюнча сынактын алкагында бир боз үй тигилди. Иш-чаранын коноктору жана туристтер үчүн Оштун кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары, анын оригиналдуулугу жана этномаданияты, этностордун жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери, металлдан, жыгачтан, булгаарыдан жасалган көркөм буюмдардын көргөзмөсү тартууланууда. Ош шаарынын атайын делегациясы тарабынан улуттук тамак-аштын жана улуттук кийимдердин ондогон түрлөрү көрсөтүлүүдө. Ал эми жаштардын бий жана чыгармачыл топтору бир катар улуттук бийлерди тартуулап жатышат. Оштун белгилүү дизайнерлери «Этномода» стилиндеги кийимдердин көргөзмөсүн дагы өткөрүп жатышат. Буга 14 жаштан 70 жашка чейинки моделдер катышууда. Ал эми чыгармачылык көрсөтүүлөргө Ош шаардык маданият бөлүмүнүн, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жана «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жамааттары активдүү катышууда.

Жалпы жонунан  Ош шаарынын командасы республикалык бардык мелдештерге эң активдүү аралашууда. Белгилей кетчү жагдай: Ош шаары эзелтеден эле кол өнөрчүлөрү жана алардын жасаган буюмдары менен кеңири таанымал. Улуу Жибек — Жолунун борборуна айланган калаанын кол өнөрчүлөрү жыгачтан, металлдан, таштан, чоподон, кебезден, кийизден, жибектен жана башка нерселерден түрдүү буюмдарды жасашты.

— Оштун командасынын негизги милдети — Кыргыз элинин маданий өзгөчөлүктөрүн даана көрсөтүү. Мындан тышкары анын тарыхый жана маданий дараметин дагы кайрадан жандандыруу! — дешет Ош шаарынан келишкен делегациянын өкүлдөрү.

Белгилей кетээрибиз:  31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында республикалык «Ынтымак» фестивалы Чүй облусунун айтылуу Чуңкурчак жайлоосунда өттү. Бул маанилүү иш-чарага өлкөбүздүн 5 облусунан жана 2 шаарынан боз үйлөр тигилип, концерттик программа тартууланып жаткан чагы. Мындан тышкары улуттук спорттун салбуурун, ордо түрлөрү боюнча дагы мелдештер өткөрүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс