• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЛЕНИН ЧОКУСУН БАГЫНДЫРУУГА АРАКЕТТЕНИШКЕН ОРУС ЖАНА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ УУЛАНЫП КАЗА ТАБЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Сен 1, 2022

АЛАЙ. Памир тоосундагы эң бийик Ленин чокусуна чыгып бараткан 6100 метр бийиктикте Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары каза табышты. Экөө тең газга ууланышкандыгын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан бизге тастыкташты.

Ошентип, Ленин чокусун багындырууга далбаса жасашкан Орусия жараны 38, ал эми Кыргыз жараны 41 жашта эле. Экөө түндөсү бир чатырчада жатышкан экен. Ошондо жагылган көмүрдүн газына ууланышкандыгы аныкталды. Фактынын негизинде кылмыш иши дагы козголуп, ушул тапта альпинисттердин сөөгүн ылдый алып түшүү камылгасы көрүлүүдө.

Айтмакчы, айтылуу Ленин чокусу Памир тоо кыркасынын Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен тилкесинде жайланышкан. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 7 134 метр. Бул Борбор  Азиядагы эң ири чоку болуп эсептелет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс