• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЖУРНАЛИСТТИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН Б. ЖОЛБОЛДУЕВА ҮЙ КАМАГЫНА КОТОРУЛДУ

Автор:ruh_admin

Авг 19, 2022

БАТКЕН. Баткен райондук соту 18-августта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын дыкат караштырып, блогерди үй камагына которду.

Ошентип, кечээ, 18-августта айыпталуучунун жактоочуларынын өтүнүчү толук бойдон канааттандырылып, соттук териштирүүлөр бүткөнгө чейин блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына дароо которулду.

Баса, Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип быйыл 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-Жаза Кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана дагы “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон эле. Соттук териштирүү өткөн айда башталган.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс