• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ СЕЙИЛ БАК АЧЫЛДЫ 

Автор:ruh_admin

Авг 19, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында акын Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу багы пайдаланууга тапшырылды.

Ошентип, аталган сейил багы жалпысынан сегиз гектар жер аянтын ээлеп, курулушка жергиликтүү бийлик 46 миллион 616 миң сом сарптады. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы Өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, ошондой эле калаа тургундары катышышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы Өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев бул саамалык президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруудагы алгылыктуу кадам экендигин баса белгилеп, жашыл жана таза аймактагы сейил бак жарандардын активдүү жашоо образын түзүүгө чоң салым кошоорун убадалады.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс