• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК ЖАЛПЫ МЕДИЦИНАЛЫК ПРАКТИКА БОРБОРУНУН БАШКЫ ЭСЕПЧИСИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Авг 19, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына катталган кылмыш ишинин алкагында, Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алып жатканда кармалды.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда «Н.Т.О.» аттуу жаран жеңүүчү деп табылган. Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.

Ошондуктан, 2022-жылдын 9-августунда көрүлгөн ыкчамиликтөө ишчараларынын жыйынтыгында башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын Жазыкпроцесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ЖалалАбад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта ыкчамиликтөө ишчаралар кызуу жүрүп жаткан чагы.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс