• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕ ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ЖҮРҮШКӨН БАЛДАР КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Авг 19, 2022

БАТКЕН. Лейлек районунун аймагында «Тилемчилик» иш-чарасыныны убагында 11 бала аныкталды. Бул жөнүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБсынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери «Тилемчилик» иш-чарасынын алкагында эч көзөмөлсүз жүргөн, базарларда жана дагы коомдук жайларда тилемчилик кылышкан балдарды аныктоо максатында бир топ иштерди аткарды.

Рейддин жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып, булардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлду. А түгүл бир катарына эскертүүлөр дагы берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин негизинде бир ата-энеге протокол толтурулуп, айып пул салынды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс