• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЧАКАН ГЭС ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Автор:ruh_admin

Авг 19, 2022

БАТКЕН. Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС ишке киргизилди. Бул жөнүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мегаватт болгон сметалык баасы 7 миллион АКШ долларын чапчыган ГЭСтин курулушу 2021-жылы жеке ишкер тарабынан башталган. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, ушул тапта 1-каскаддын 100 пайыз жумушу дээрлик аткарылды. Тактап айтканда, 2 даана бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, 5 чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар сарпталган эле.

Аталган чакан ГЭСти ишке киргизүү менен Баткен районуна караштуу Кыштут Айыл Өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен дагы туруктуу камсыз этилүүсү күтүлүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс