• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

       Уларбек КОЙЧУБАЕВ: «ОШ СООДА-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕЖИН БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОПОҢОЙ ТАБЫЛАТ!»

Автор:ruh_admin

Авг 12, 2022

Рубрика: Бүгүнкү күндүн талабы

Ош соода-экономикалык коллежи соңку жылдарда кыска мөөнөттөгү адистерди өтө сапатуу белендегенге гана бекем ыктады. Быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Уларбек КОЙЧУБАЕВ дагы муну акыры ырастап, бул аркылуу заманбап жана абдан  кесипкөй улан-кыздарга жумуш табуу кыйла жеңилдегендигин ачык эле моюндады.

— Уларбек мырза, бүгүнкү рынок заманынын талабы кескин түрдө өзгөрбөдүбү. Сиздер деле аргасыздан дал ушуга ылайыкташып жатсаңыздар керек?

— Ооба. Коомдо жашап туруп, андан тышкары жанстактоого дегеле мүмкүн эмес! Ушул тапта биздин  коомубуз бухгалтер-экономист, салык кызматынын тескөөчүсү, финансист, бизнес менеджер, товаровед-эксперт, компьютерчи өңдөнгөн адистерге ыраса чаңкап турган маалы.

Студенттер бизде 9-класстын базасында эки жыл он ай, ал эми 11-класттын көлөмүндө бир жыл он ай окушат. Мындан тышкары 11-класстын базасында сырттан эки жыл алты ай окушса дагы болот. Булардын баарына тең дасыккан окутуучулар гана сабак беришет.

— Быйыл Сиздерге бюджеттик жана контракттык негизде канча орун ажыратылды?

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстрлиги      Ош соода-экономикалык коллежинин бюджеттик адистиктерине – 60, ал эми контракттык адистиктерине 197 орун бөлүштүрдү.

— Бул орундарды калыс бөлүштүрүүдө дагыле адаттагыдай коррупция, тааныш-билишчилик өкүм сүрүп жаткан жокпу?

—  Антүүгө азыр таптакыр жол берилбейт! Он-лайн системасы аркылуу баары тең үзгүлтүксүз жана кынтыксыз көзөмөлдөнүп турбайбы. Анан кантип баарын каратып туруп, сынактын жыйынтыктарын бурмалайсың, эй…

— Уларбек мырза, кийинки  кезде жогорку жана  атайын орто окуу жайларын бүтүргөндөргө жумушка жайгашуу  абдан олуттуу көйгөйгө айланбадыбы. Бул проблема ушул тапта Сиздердин деле башыңыздарды куп гана оорутуп жаткандыр?

— Жо-жок! Ош соода-экономикалык коллежинин студенттери практикага мекеме-ишканаларга чыгышканда эле андан ары опоңой жумуш таап кетишүүдө. Албетте, мында бүтүрүүчүлөрүбүздүн сапаттуулугу, анан дагы жумушунда камчы салдырбастан иштөөгө көнгөндүгү чоң себепкер болууда.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс