• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ноокенде алты жашар кызды зордуктоого шектүүнү өмүр боюу эркинен ажыратууну талап кылышууда

Автор:ruh_admin

Авг 9, 2022

Эми кийинки отурум 15-августка жылдырылды.

Баса, зордукталган кыздын жакын туугандары айыпталуучуну өмүр бою түрмөгө камоону судьядан катуу суранып жатышат. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, шектүү үстүбүздөгү жылдын 26-майында кызды мектептен келе жатканда өз үйүнө алып кирип, андан ары калаашынча зордуктаган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, факты Ноокен райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, а түгүл экспертиза дагы дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмышты жасагандыгын дароо эле моюнга алган жана райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. Иш июнда сотко өткөрүлгөн эле.

Соңку тапта Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук, буга улай эселектерди улам зордуктоо фактылары дагы байма-бай катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөбүздө жашы жете электерге зордук-зомбулук көрсөткөн 264 иш катталды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс