• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Emilbek Momunov кантип 20 журналистти тукум менен бакты?

Автор:ruh_admin

Авг 6, 2022

Менин мемуарларым

Унутулгус пресс-тур
2016-жылы журналист, котормочу, коомдук ишмер, органикалык кыймылдын күжүрмөндөрүнүн бири Бермет Турсалиева Караколго пресс-тур уюштуруп бербейсизби деп чалып калды. ФАО уюму балык чарбасына чоң гранттарды салып, балыкчылыкты өнүктүрүү боюнча бирикме түзүп жатыптыр. Канча журналист керек десем, канча көп болсо ошончо жакшы болот деп койду Бермет. Суткасына 117 доллардан төлөп берет деген жери аябай кызыктырды бизди. Алгач Караколго барууга бир да редакция макул болбой жаткан, анан 117 долларды уккандан кийин, камералар деле табылып, журналисттердин деле эки күнгө Көлгө барып келүүгө убактысы бар болуп чыкты. Гонорар жөнүндө маалымат журналисттер калкына чагылгандай тез тарап, барчулар 20 дан ашып кетти. Спринтер жалдайбыз деп жаттык эле, чоң автобус жалдашка туура келди.
Пресс-турга сапар алдык. Килейген чоң автобуска бир короо журналисттер толуп алганбыз. Журналисттерди чогултуу, аларга акча которуу азаптын азабы болду. Эл аралык уюмдардын бюрократиялык убарагерчиликтери көп го. Ошондогу Айыл чарба министринин ошондогу маалымат катчысы Төлөгөн Сулайманов мен да 117 доллар алышым керек деп кыйла ызы-чуу салып жатып гонорарга илинди. Журналист, тоок фермер Эмилбек Момунов 100 чакты жумуртканы сууга бышырып алган экен, анысын баарыбызга бирден таратып берди. Бир жумуртканы дароо эле сугундук, дагы болобу деп сурасак, биринчиси реклама, экинчисин сатып аласыңар деп күлдүрдү Эмилбек. Көлгө жетер-жеткенче Эмилдин тукумдары бизге тема, шакаба болду.
Караколго жеттик. Бизди конок үйлөргө бөлүп жаткырышты. Эмилбек Момунов, “Азаттыктан” Кубаныч Жолдошов бир бөлмөгө жаттык. Ошол түнү Түркияда ФЕТОчулар мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылып, чоң жаңжал чыкты. Чоң аналитик Кубаныч Жолдошов Туркия боюнча анализин баштады. Уйку качты. Түн бир оокумда Эрдоган түрк элине кайрылуу жасады. Түркия окуяларын талкуулап жатып, таң атып кетти. Биз биякта боордош элдин тагдырына кыжаалат болуп, уктабай чыксак, Тынчтык Алтымышов, Төлөгөн Сулайманов, Эрнис Балбаковдор түнкү Караколдун көйгөйлөрүн чагылдырып жүрушүптүр. Алар да таң заарда пайда болушту конок үйдө.
Таң атып, ФАО иш-чарасы башталды. Тооба кылдым. 100 чарчы метрге жетпеген имарат, анын ичинде балык чарбасы үчүн инкубатор, анан бир чаканыраак жасалма көлмө. Эмнени тартабыз? Видеоряд кантип чыгат. Өкмөт Башчынын биринчи орун басары Абулгазиев баш болгон жоон топ чиновниктер, бир короо журналисттер барып алыптырбыз. ФАО жетекчиси Кирлай мырзадан, Абулгазиевден маектерди алдык. Балыкчылардын бир-экөөнү сүйлөттүк. Эл аралык уюмдар суточный бергенден кийин обед беришпейт. Өзөрүп курсагыбыз ачты. Журналист калкы барган жерден сый көрүп көнүп алганбыз да. Бермет Турсалиева аябай зирек кыз эмеспи, абалды байкап, өз жанынан Каракол хашандарын сатып келе калды.
Видеоматериалдарды кантип даярдайбыз эми. Кичирейтип койгон чалдай болгон Төлөгөн Сулайманов туңгуюктан жол тапты. Чоң Өрүктүдө Мээрбек деген жигит бар. Ошонун форель чарбасы бар. Ошону тартабыз деди. Чын эле Мээрбектин чарбасы укмуш экен. Форелге аябай тойгозду бизди.
Бир автобус журналисттин бир автобустай проблемасы болот. Бир айтты Көлгө түшөбүз деп, дагы бир айтты, жок, түшпөйбүз деп. Ызы-чуу чыкты. Баягы эле Бермет Турсалиева Көлгө түшчүлөр Көлгө түшсүн, алар Көлгө түшүп турганча, түшпөгөндөрдү тоо жакка алып барып келебиз деп кырдаалдан чыгып кеттик.
Бишкекке келе жатып, Чоң Өрүктүдө тартылган видеолордо Мээрбек деген жигитти эфирге кеткенде Мээрбек Мискенбаев деп жазып койбогула деп улам-улам эскертип жатканбыз. Бирок Бишкекке келгенде бир телеканал балыкчы Мээрбекти Мээрбек Мискенбаев деп эфирге чыгарып жиберди…
Ошентип аябай кызыктуу пресс-тур болгон. Журналист жигит өзүнүн кыз коллегасы менен кыз-жигит экен. Аларга романтикалуу сапар болду окшойт. Ошол сапардан көп өтпөй үйлөнүштү.
Сапарга баргандардын эң аксакалдары Эмилбек Момунов экөөбүз экенбиз. Жаштыктын өзү майрам эмеспи, жаш журналист кыз-жигиттер үчүн өтө кызыктуу сапар болду. Эмил экөөбүзгө кызыккан деле ургаачы болбоду. Баягы эле Эмилдин тооктору тема болуп, анан ага форель кошулду. “Эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок” дешет го. Эмил экөөбүз жети миң километр алыс чыксак деле, аялдарыбыз үчүн ак кала бердик. Негизи Эмилбек Момунов жалаң мусулман өлкөлөрүнө иш-сапарга чыккан үчүн, тескери баспай, арак ичпей, жакшы барып келет.
Группалаштары “Коммунист” деп кличка койгон, өз ишине аябай так, Кудайдын бир момуну Эмилбек Момунов менен ошол прессс-турдан кийин жакшы дос болуп кеттим.
И, баса, унутуп калыптырмын. Бермет Турсалиева Эмил байке сонун киши экен деп аябай сыйлап калыптыр. Кийин да далай иш-чараларга чакырды бизди. Айрыкча гонорары, тамак-ашы бар иш-чараларга дайыма бизди кошуп коюп жүрдү Бермет.
Эмилдин эч качан бүтпөгөн кызыктуу баяндарын угуп, сапарлаш болуу да өзүнчө бир бакыт. Шаардын чок ортосунда тоок багып, кумурскадай иштеген кечээги коммунист, учурда Иран өлкөсүнүн беделдүү агентвосунун кыргыз редакциясын башкарган бу киши бир китепке каарман болчудай киши. Бирок эч качан колу бошобойт, ушинтип иштеп жүрүп эле өтүп кетеби бу Кудайдын момуну, Момун абанын тукуму деп кээде кыжаалат болуп калам…
Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс