• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

ОШТО ЖЕКЕ ИШКЕР МЕНЧИК ЖЕРИН МЭРИЯГА БЕРДИ

Автор:ruh_admin

Авг 4, 2022

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жеке ишкер Айдар Бакыев 600 чарчы метр менчик жер тилкесин мэриянын балансына тартуулады. Бул фактыны Ош шаардык мэриясынан дагы ырасташты.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэринин коомдук башталыштагы кеңешчиси, ошондой эле жеке ишкер Айдар Бакыев өзүнө таандык Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Араван кичи районундагы 600 чарчы метр жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди.

Ошентип, аталган аймакты Ош шаарынын мэриясы мындан ары  ирээтке келтирип, кыдырата эс алуу жайын курууну пландаштырууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс