• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Д. Моңолдоров: «Беш жылга мерчемделген пландарымды толук аткарам»

Автор:ruh_admin

Авг 4, 2022

Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда байыркы Өзгөн шаарында “Өзгөн-мунара-2022” этно-фольклор фестивалы, буга улай “Байыркы Өзгөн жана Имам Сарахсинин мурастары” Эл аралык конференциясы өткөрүлөт.

Бул эл аралык деңгээлдеги маданий иш чарага даярдыктар кандай жүрүүдө? Ушул жана башка суроолорубузга Өзгөн шаарынын жаңы мэри Дамир Моңолдоров жооп берди.

— Дамир мырза, мурда таптакыр тааныш эмес аймакта иштөө кыйыныраак бекен?

— Биринчиден, ар бир аймактын жана жергиликтүү калктын өзүнө гана таандык каада-салты бар. Ошондуктан, адегенде чоочуркадым эле. Эми минтип буга  деле акырындап көнүп баратам. Экинчиден, бул система — аткаруу бийлиги мага башынан жат эмес! Дээрлик 40 жыл бою, мунун ичинде мунииципалдык башкаруу тармагында эмгектенгениме мына быйыл 27 жылга айланды.

  — Адатта жаңы жетекчилер адегенде эле командасын жаңылашчу. Сиз дагы бул сапар антпедиңизби?

— Албетте, командамдын негизги өзөгүн жаңыладым. Биринчиден, муну ротациялоо ыкмасына кынтыксыз ылайыкташтырдым. Экинчиден, кадрлар резервинде турган жергиликтүү кызматкерлерди гана ишке чегердим. Эки орун басарымдын бирөө өз арызынын негизинде жумушунан бошотулду. Ал эми аппарат жетекчим дагы эмгек жамааты менен кош айтышты. Баарында тең Эмгек Кодексинин талаптары таптакыр бузулган жок!

— Мына, ушул жылдын 27-августуна  мерчемделген  Өзгөн шаарындагы “Өзгөн-Мунара-2022” этно-фольклор фестивалына, ошондой эле “Байыркы Өзгөн жана Имам Сарахсинин мурастары” Эл аралык конференциясына ушул тапта камылгаңыздар кандай?

— Көз тийбесин, экөөнө тең даярдыгыбыз ойдогудай. Фестивалдын жана конференциянын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө кудуретибиз деле жетиштүү.

— Баса, аталган маанилүү иш-чараларды чоң ынтымакчылыкта жана дагы абдан ийгиликтүү өткөрүү жагы Эл аралык жана Ата Мекендик донор Уюмдар менен  макулдашылганбы?  Бул өңүттө деги жалпысынан канча каражат сарпталчулдай. Ал эми чыгымдарды бүтүндөй ким көтөрөт?

— Буга баш оорутпайбыз. Анткени, “Өзгөн-мунара-2022” этно-фольклор фестивалынын, ошондой эле “Байыркы Өзгөн жана Имам Сарахсинин мурастары” Эл аралык конференциясына бүтүндөй чыгымдарын Түркия тарап көтөрөт.

 — Аталган Дүйнөлүк ири иш-чараларга мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Түркиянын маданият министринин орун басары, Түркиянын  дин башкармалыгынын жетекчиси, ошондой эле дүйнөлүк таанымал теологдор жана дин таанучуулар дагы катышаары күтүлүүдө. Буларды тосуп алуу, жайгаруу, коноктоо жана дагы мыкты иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жагы кандай жүрүүдө?

— Албетте, конокторду Ош шаарында тосуп алып, андан ары жайгаштыруу, ошондон соң иш-чара аяктагандан кийин Кыргызстандын Түштүк башкалаасынан өз өлкөлөрүнө татыктуу кайрадан узатуу — бул биздин милдетибиз.

— Өзгөн шаарындагы “Өзгөн-мунара-2022” этно-фольклор фестивалынын, ошондой эле “Байыркы Өзгөн жана Имам Сарахсинин мурастары” Эл аралык конференциясынын шарапаты менен Сиздердин Аймакка ири өлчөмдөгү долбоорлорду жана донорлорду тартуу демилгеси жүзөгө ашчудайбы?

— Президентибиз Садыр Жапаровдун Указына ылайык, Өзгөн шаарынан  9 гектар аянт ажыратылды. Бул жайга инвестиция тартылып, көп кабаттуу үйлөр курулат. Анан мектеп жана бала бакча дагы салынат. Буга улай түстүү Летокран — жарнама сыналгысы орнотулат.

ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раевдин демилгесине ылайык, Түркиянын ТИКО инвестициялык фонду, Мамлекеттик дин башкармалыгы бир катар ири добоорлорду өз ара сүйлөшүп, буларга кеңири жеткидей каражаттарды бөлүү жагы дагы, буюрса, оң жагына чечилет.

— Дамир мырза, Сиз дегеле Өзгөн өрөөнүнүн келечегин кандайча элестетесиз?

— Быякка мен жөн жана дагы куру кол келген жокмун! Беш жылга мерчемделген атайын Программам бар.  Аны Өзгөн шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында коомчулуктун катышуусунда ачык-айрым жана кенен-чонон талкуулайбыз. Ошондон кийин бир катар оңдоп-түзөтүүлөр менен биротоло бекитилет. Мен иштөө мөөнөтүм аяктагыча, ошонун үстүндө гана идеяларымдын толук кандуу жүзөгө ашырылышына катуу аракеттенем.

Маектешкен Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс