• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

Араб инвесторлору Баткен облусуна заманбап үлгүдөгү жабдыктарды тартуулады

Автор:ruh_admin

Авг 4, 2022

БАТКЕН. Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайланышкан диагностикалык борбор соңку муундагы медициналык жабдыктар менен толукталды. Тактап айтканда, Кувейт Мамлекетинин Бүткүл дүйнөлүк «АрРахмаАьламия» кайрымдуулук фонду жана “Смарт Дженерейшн” коомдук фонду тарабынан 7 миллион сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев дагы катышып, өз кезегинде кыйла убакыттан бери ырааттуу иш жүрүгүзүп келе жаткан кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө Баткен облусунун социалдык, экономикалык абалын өнүктүрүүгө жана калктын муктаждыктарын ыкчам чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Аталган жапжаңы медициналык жабдыктар КызылКыя шаарынын тургундарынын жана дагы коңшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин, ошондой эле диагноздорду дагы так аныктоого шарт жаратмакчы.

Белгилей кетчү жагдай: Кызыл-Кыя шаарында жайланышкан “Ыйман” комплексинин курулушу 2016-жылы башталган. Мында медициналык клиника, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, жеке мектеп жана дагы мечит жайгашкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс