• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

А. Жапаров: «Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундоолор менен катаклизмден арылбай келдик»

Автор:ruh_admin

Авг 4, 2022

«Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 миллион доллар таза киреше таптык. Эң башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга биротоло алдык”, — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чоң-Алай районунун кайра уюшулгандыгынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров андан ары өз сөзүндө өткөн 30 жылдын аралыгында 33 Өкмөт башчысы, анан дагы 5 президент алмашкандыгын кошумчалады.

Ошентип, акыркы 15 жылдан бери саясий толкундоолор менен катаклизмден такыр арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен баары бара-бара өзгөрүүдө. Эң башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга биротоло алдык. Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 миллион доллар таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына эми өзүбүз гана ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын кыйла жылдардан бери күткөн тилегибиз жана жеңишибиз! — деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров

Белгилей кетчү жагдай: Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү жараянын тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы аяктагандыгын билдирди.

Акыркы маалыматка караганда, аталган Кыргыз элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, мунун ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100 пайызын «КыргызАлтын» ААКсынын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс