• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Ошто эт жана сүттү арзан саткан социалдык дүкөндөр ачылды

Автор:ruh_admin

Авг 3, 2022
Кыргызстандын Түштүк борборунда негизги азыктар арзан баада сатылууда.

Августтун алгачкы күндөрүнөн тартып Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы жети муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык дүкөндөр кадимкидей ишке киришти. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Буга дейре Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бардык муниципалдык аймактарда социалдык дүкөндөрдү ачууну тапшырган эле. Аталган долбоордун негизги максаты — калктын өтө муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10 пайызга төмөн сатып алууга шарт жаратуу.

Ошентип, мыйзам чегинде Ош шаардык ветеринардык инспекциясы тарабынан жапжаңы азыктарды алып келүүчү тараптарды тандоо дээрлик аяктады. Социалдык дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдүн сапатын ветеринардык инспекция мындан ары туруктуу көзөмөлдөмөкчү.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс