• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨНДӨ “ӨЗГӨН-МУНАРА-2022” ЭТНО-ФОЛЬКЛОР ФЕСТИВАЛЫ ЖАНА “БАЙЫРКЫ ӨЗГӨН ЖАНА ИМАМ САРАХСИНИН МУРАСТАРЫ”  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор:ruh_admin

Авг 3, 2022

 ОШ. Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, ТҮРКСОЙ Уюмунун Башкы катчысы Султан Раев ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Өзгөн шаарында ушул жылдын 27-августунда  мерчемделген Өзгөнмунара-2022” этно-фольклор фестивалын, ошондой эле “Байыркы Өзгөн жана Имам Сарахсинин мурастары” эл аралык конференциясын ийгиликтүү өткөрүү жагы дагы макулдашылды.

Анткени, аталган эл аралык ири иш-чараларга мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, Эл аралык уюумдардын өкүлдөрү, Түркиянын маданият министиринин орун басары, Түркиянын  дин министри, ошондой эле дүйнөлүк таанымал теологдор жана дин таанучуулар дагы катышаары күтүлүүдө.

Баса, Өзгөнмунара-2022” этно-фольклор фестивалы аталган аймакта ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүүдө. Ишчаранын эң башкы максаты — тарыхый мурастарды жер-жерлерде даңазалоо, ушуга улай жергиликтүү калктын рухий жана маданий жактан өнүгүүсүнө өбөлгө жаратуу жана Улуттук каада-салттарды, ошондой эле баалуулуктарды дагы кеңири жайылтуу болуп саналат.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы.

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс