• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА КЫРГЫЗСТАНДАН ӨЗБЕКСТАНГА МЫЙЗАМСЫЗ МАЛ АЙДАЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

 ЖАЛАЛ-АБАД. Акыркы күндөрдө Ала-Бука чек ара отрядынын өкүлдөрү Кыргызстандан коңшулаш Өзбекстанга карай көптөгөн бодо малды айдап өтүүүгө аракеттенген эки фактыны дароо тизгиндеди.

Маселен, ЖалалАбад облусунун Аксы районунда Кыргыз чек арачылары Кыргызстандын аймагынан Өзбекстанды карай 13 бодо малды беймарал айдап бараткан жаранды аңдып жүрүп кармашты.  Анын документин дыкат текшеришкенде, 1992-жылы туулган контрабандачы А. у. Н. Аксы районунун Сөгөт айылынын тургуну экендиги аныкталды. Ал эми АлаБука районунун АкТам тилкесинде кармалган С. К. 1989-жылы туулган, өзү ушул тапта Аксы районунун КараДөбө кыштагында жашайт. Ьул жигит дагы Кыргзстандан Өзбекстанды карай 21 бодо малды мыйзамсыз айдап баратканда, акыры кармалды.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, кармалган бодо малдардын жалпы наркы 3 725 000 сомду түзүп олтурат. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана дагы ири мүйүздүү малдар кошо жергиликтүү укук коргоо органдарына тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс