ЖАЛАЛ-АБАД. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, акыркы күндөрдө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Таш—Көмүр шаарында жайланышкан он чакты турак жайдын ичин жана бир көп кабатуу үйдүн жер төлөсүн сел каптады. Ички чарбалык жолго кум аралаш шагыл дагы түштү.
Кырсык баскан жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн 40 куткаруучу тартылып, селден толук тазаланды.
Баса, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, ушул эле күнү Талас облусунун Талды-Булак айылында дагы суу ашып-ташып, жолдорду жана бир катар социалдык обьектилерди каптады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.