• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

«ОШ ТВ»   ОШ МЭРИЯСЫНА  ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

ОШ. «Ош ТВ» телерадиокомпаниясынын 100 пайыз мамлекеттик үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин жана карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары «Ош ТВ» телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары ырааттуу өнүктүрүүгө  багытталган.

Белгилей кетчү жагдай: Жалал-Абад шаардык сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык «Ош ТВ» телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына биротоло конфискацияланган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс