• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

КАЛК КАМЫН ЖЕГЕН ЖЕТЕКЧИ

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

Кыргыз Республикасында Айыл Өкмөтүн узак жылдар бою абийирдүү  башкарып, анан дагы бул аралыкта өтө эле таптаза иштеген жетекчилер абдан сейрек. Булардын көч башында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу шарты кудай ургандай катаал Катта-Талдык Айыл Өкмөтүнүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВ турат десек, чындыгында, эч жаңылышпайбыз.

Шарабидин УДАНОВ, эмгек ардагери: — Мен Кантөрө Жантөрөевди тээтигил Совет доорунан бери абдан мыкты билемин. Эң башкысы: дээринен өтө өжөр жана аябай чечкиндүү жетекчи. Кудайга шүгүр, калкыбыздын саны улам көбөйүп баратат. Айыл Өкмөтүбүзгө караштуу он кыштактын алтысында бала бакча бар. Дагы эки айылга ушул тапта бала бакча курулуп аткан чагы. Катта-Талдык Айыл Өкмөтүндөгү таза суу көйгөйлөрү дээрлик чекесинен чечилип жатат. Эшмеде 38 үй куруп, жергиликтүү тургундарга тартуулады. Бул үчүн арабдар кайрымдуулук иретинде 1,5 миллион сом коротушту.

        Кутманали ДАТКАЕВ,   КараСуу районундагы КаттаТалдык Айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы: —   Кантөрө Жантөрөевди 1999-жылдан бери КараСуу райондук акимчилигинде ийиндеше иштешкенден тартып эң мыкты билемин. Мээнеткечтигинен аз жыл мурун КаттаТалдык Айыл Өкмөтү республикалык жарышта алдыңкы орунду ээлеп, миллион сом утпадыбы. Мынча каражатты бейжай кортпостон, олуттуу маселелерди бүтүргөнгө гана сарптады. Сабаттуулугун айтасыз да, Айыл Өкмөт башчыбыздын чукугандай сөз тапкан чечендигин дагы көрө элек турбайсызбы. А түгүл республикабыздагы аттуу-баштуу жетекчилер бул кишинин сөзүнөн кийин калк алдында кепке сынышкан жагы дагы бар.

    НурАйым ЭРГЕШОВА, Кара-Суу районундагы Катта-Талдык Айыл Өкмөтүнүн социалдык кызматкери: — Кантөрө Жантөрөев кол алдында  иштегендерге улуу-кичүүсүнө карабастан, тептегиз мамиле жасаганга маш. Айрым чоңдорчосунан эч кандай бой дагы көтөрбөйт, чочоңдобойт! Буга улай ар бирибизге заманбап шарттарды кошо жаратып таштаган. Айыл Өкмөтүндө турмуш-шарты абдан оор 171 үйбүлө бар. Булардын баарына тең жөлөк пул чектелген. Мындан тышкары майып жердештерибиздин  дары-дармегине дагы акчалай каралашып турабыз. Чет өлкөлөрдө кымбат операция жасатууга муктаж адамдарыбызга 30-50 миң сом өлчөмүндө жардамдашып келатабыз. Албетте, мында Кантөрө Жантөрөев жетекчибиздин иш билгилиги, даанышмандыгы жана абдан ак көңүлдүгү башкы орунда туруп, чоңкичне маселелерди ыкчам чечкенге өбөлгө гана жаратууда.

        Ырас. Соңку тапта мамлекеттик жана жергиликтүү жетекчилерди бир беткей — жөнсүз сындаганга гана бекем ыктадык. Кыйын кезеңде — тагдыр сыноочу заманда жеңилибизди — жерден, оорубузду — колдон алып, эбегейисз көмөк көрсөткөндөрдүн — Аймактык жетекчилерибиздин эмгегин убагында    баалабай келатабыз. Чындап эле “Колдо бар алтындын — баркы жок!” окшойт, эй?!?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс