• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

КАДАМЖАЙДАГЫ ТОЙДО 58 АДАМ ТАМАККА УУЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай районундагы тойдон тарагандан кийин коноктор жапырт тамакка ууланышты. Ооруларды алдын алуу жана санитардыкэпидемиологиялык көзөмөл департаментинен маалымдашкандай, уулангандардын алтоо ооруканага дароо жаткырылды. Мунун арасынан эки бала реанимацияда орто оор акыбалда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган тойго 250 киши катышкан. Булардын арасынан 58и уулангандыгы аныкталды. Ал эми балдар Кадамжайдагы жалпы дарылоо борборунда жатышат. Адегенде 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи дагы өтүп, анан дагы өздөрүн алсыз сезишкен.

Ошентип, атайын сурамжылоо маалында тойго баргандар камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин, мындан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмөжемиш жешкендигин моюндашты. Азыр анализдер такталып, ал эми той өткөн кафе дыкат текшерилип жатат. Уулангандардын саны дагы такталууда.

Баса, тамакка уулануу Кыргызстанда биринчи ирет жүз берген жери жок. Быйыл июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндүн аралагында “АгаинижанаТажд-махал” тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага дагы түшкөн. Ушундай эле массалык уулануу Ош шаарында дагы катталган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс