• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ИНДИЯДАГЫ  ШАХМАТ ОЛИМПИАДАСЫНА КЫРГЫЗСТАН ДА КАТЫШУУДА

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

ДЕЛИ. Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы ушул жылдын 28-июлунда башталган ФИДЕнин Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышууда. Дүйнөлүк мелдеш 28-июлда Индиянын түштүгүндөгү Ченнай шаарындагы Джавахарлал Неру атындагы стадионунда ачылып, бул иш-чарага өлкөнүн Премьер-министри Н.Моди катышты.

Кыргызстандын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Нью-Дели Эл аралык аэропортуна ири шахмат мелдешинин кыргызстандык катышуучуларын тосуп алуу маалында: — Биз спортчуларыбыздын ар кандай эл аралык мелдештердеги жаркын жеңиштери менен  сыймыктанабыз жана алардын чет мамлекеттердеги ири спорттук иш-чараларга катышуусуна ар дайым колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Мекен жери Индия болгон бул байыркы спорт өнөрүн биргелешкен күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрүүгө жана биздин өлкөдө шахматтын популярдуулугун арттырууга активдүү салым кошоорубузга ишенем! — деп ымандай сырын жашырган жок.

Кыргыз Элчиси кыргызстандык шахматчыларга ийгиликтүү оюн, мыкты жыйынтыктарды каалап, олимпиада чыныгы спорттун жана достуктун майрамына айланат деген ишенимин билдирди. Кыргыз шахмат союзунун өкүлдөрү өз кезегинде Кыргызстан бул эң сонун спорттук оюнду балдар жана жаштар арасында кеңири жайылтууга өзгөчө маани берип жаткандыгын баса белгилешти.

  • Кээ бир каржылык кыйынчылыктарга карабастан, биз мындай Эл

аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышууга аракет кылабыз. Ошондорй эле  Кыргыз жаштарынын жаш муундарынын интеллектуалдык дараметин жана маданий жүрүм-турумун өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшап жатабыз! — деп ойлорун бөлүшүштү Кыргызстан Шахмат союзунун өкүлдөрү.

Бул Дүйнөлүк Олимпиадага Кыргызстандын курама командасын ар кандай жаш категориядагы 10 катышуучудан турган эркектер жана аялдар командалары көрсөтөт. Шахмат олимпиадасы Олимпиада оюндарынан кийинки дүйнөдөгү эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. Шахмат оюну эки жылда бир өткөрүлөт. Быйылкы Олимпиадага дүйнөнүн 188 өлкөсүнөн 2 миңден ашык оюнчу катышууда, мелдеш үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан 10-августуна чейин өтөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс