• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Өзбекстандан 30 миң сомдук коон мыйзамсыз ташылып келаткан

Автор:ruh_admin

Авг 2, 2022

БАТКЕН. «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын «ЧоңГара» анклавынан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ аймагына чыгууда КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы «Ford Transit» үлгүүсүндөгү автоунаасы  кармалды.

Ошентип, автоунаанын жүк бөлүгүн дыкаат текшерүү маалында жалпы салмагы 1200 кило, наркы 30 000 сомду түзгөн коондор табылды. Кыргыз жараны «К.У.Ожүктү Өзбекстандан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет жасаган. Аталган автоунаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

КР Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө Кодексине ылайык чара көрүү максатында Оперативдүү бажыга тапшырылды. Ошентип, оперативдүү бажы Кыргыз Республикасынын «К.У.Ожаранына карата Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып саллы. Ал эми товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Ошентип, даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Ford Transit» унаасына тиешелүү материалдар конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс