• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

К.Бакиев жана «Временщиктер»

Автор:ruh_admin

Июл 29, 2022
К.Бакиев жакында эле «Жаңы ордо» гезитинне берген маегинде Минск шаарында 15 заводдон турган чоң комбинатты куруп бүтүп калгандыгы тууралуу айтканы бар.Эгер ал завод ишке криип калса канча миң жумуш орду,Белоруссиянын мам бюджетине канчалаган млрд акча түшөрүн даана айтып берди.Бул проектинин,анын эсеп китебинин (расчетунун)үстүндө.Курманбек Салиевич баш болгон топ 1.5 жыл иштешкен.Кандай гана глобалдуу проект.Акыл жана баш керек.Атаганат дейсин.Ушул гигантты К.Бакиев өз өлкөсүнө курса болмок.Курат эле болчу.Убакыт беришпедиго.Канчалаган тилек мүдөөлөр аткарылбай калбадыбы.»Олуя Временщиктер» капкан сала коюшуп бардыгынын канывайранын чыгарышпадыбы…Болбосо ушул мезгилде канчалаган гигант өнөр жайлар иштеп,миллиондогон жумушчу орундар пайда болмок Кыргызстанда.Миграция дээрлик 50%азаймак.»Временщиктер» бийликти кандуу жол менен тартып алды.Анан эмне болду? Баарынын ойрону чыкты.Аны элдин баары жакшы билет.К.Бакиевдин доорунда Кыргыз экономикасы өрдөгөн болсо,»Временщиктердин»бийлигинде экономика артын көздөй жүгүрдүго чиркин.Арты алдын карабай көк мээлер четтен карыз ала беришип,жарымын бөлүштүрүп алышып өлкөнү сазга тыга коюшту «Азаматтар».Алмаз көбүнөн өтө куу экен.Үзөнгүлөш убакылуу өкмөттүн мүчөлөрүн четинен ээлеген кызмат ордулпрынан ыргыта тээп түшүрүп жатты.Роза апжесин эгемендүүлүктүн күнүндө аянттан шерменде кылып айдап чыкты.Көбүн камады.Калганын мына Садыр Нургожоевичтин адилетүү ак бийлиги камап кустуруп атат.Жакында Роза Отунбаева резиденцияны таштап эски үйүнө көчүп келгенин окуп калдым.Эң туура болуптур.Кайсыл эмгеги үчүн мам резидннцияда жашашы керек? А.Пушкиндин балыкчы абышканын кемпири эски дагарасына(корыто) кайткаедай эле болуптур.Балээ барбы бул куу тумшук аялга ал жерде.К.Бакиевге урүксат берип алып . Урматуу Садыр Нургожоевич жетектеген бийликтин көздөгөнү-элдин жыргалчылыгы жана өлкөнүн экономикасын өстүрүп сырткы карыздан графиктин негизинде кутулуу.Эң жакшы иштешүүдө.К.Бакиевдей акыл эске толгон карыя аталык кылып турса соонун эле болмок. Баарына убакыт тараза.С.Жапаров өтө иш билги көрөгөч жигит экен.Курманбек Салиевичти жакын арада өз элине кайтып келүүгө шарт түзүп берет деп ишенем.
Сабыржан Ажы Жолдошов.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс