• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ЧЕК АРА БОЮНЧА АЧЫК КАТ

Автор:ruh_admin

Июл 29, 2022
Урматтуу мекендештер!
🔊Султанбай Айжигитов дун Кыргыз элине ачык кайрылуусун окуп чыгыңыздар!
☝️Окуп чыксаңыздар, чек араны чырларын чечүүдө эмне үчүн дипломатиялык жол өз натыйжасын бербей жатканын жана Эмне үчүн тажиктер кайра кайра провакация кылып, Кыргызстанга кирип келип жатканын да түшүнөсүздөр…⤵️⤵️⤵️ (Өзгөртүүсүз берилди).
ЧЕК АРА БОЮНЧА АЧЫК КАТ.
Саламатсыздарбы урматтуу Кыргызстандыктар,мекендештер!
Мен Айжигитов Султанбай Абдрашитович,Баткен облусунун экс-губернатору.
Урматтуу мекендештер, Кыргызстанда жылдан жылга чек ара маселеси айыкпаган, мезгил- мезгили менен ырбаган жарага жана согушка айланып баратат. Чек ара маселеси — бул суверенитеттин маселеси,улуттук коопсуздугунун маселеси,территориалдык бутундуктун маселеси,кыргыз элинин ар намысы жана абийиринин маселеси. Ошого байланыштуу,мен оз пикиримди айтып койгонду туура кордум.
Акыркы жылдары чек ара маселеси,айрыкча Баткен облусунда,ото курчуп,чегинен чыгып баратат. Мындай шарт,элибиздин тынчын алып,улуттук намызыбызга,абийирибизге тийип жатат.
Эмне учун ,акыркы жылдары кыргыз- тажик чек арасында чыр чатактар курч алып жатат? Менин пикиримде, буга бир катар коп жылдан бери чечилбеген,системдуу себептер бар:
1. Мамлекеттик узак мооноттогу стратегиялык чек ара саясатынын жоктугу.
2. Чек аранын такталбагандыгы .
3. Анклав маселелеринин чечилбегендиги.
4.Жумушсуздук,жакырчылык,экономикабыздын онукпогондугу.
5. Жердин,суунун жана жайыттардын тартыштыгы.
6. Биздин чек ара аймактарында жашаган элибиздин аздыгынан,чек арага жетиштуу конул бурбаганыбыздан жана башка кемчиликтерибизден пайдаланып,кошуналарыбыз озунун проблемаларын Кыргызстандын территориясынын эсебинен чечип алуу аракеттерин кылып жатат .
Ошондуктан,чыр чатак чыкканда эле барып,ар тараптуу суйлошуулор жана элге тушундуруу менен чектелген чаралар жетиштуу эмес, чек ара маселесине системдуу мамиле кылуу зарыл.
Жогоруда аталган системдуу себептери такталгандан кийин,аларды системдуу чечуу жолдору деле кундон жарык болуп,корунуп турат. Башкача айтканда, ооруунун диагнозу так болгондон кийин,дарылары деле так айтылат. Булар томондогудой:
Биринчиси, кыска моонотто 1990- жылдары СССР бузулгандан кийин,Минск жана Алматы шаарларында,жаны тузулгон эгемендуу мамлекеттеринин президенттеринин колу коюлган,андан улам парламенттери ратификациялаган,чек ара боюнча тузулгон келишимди жетекчиликке алып, мамлекеттик узак мооноттогу стратегиялык чек ара саясатын иштеп чыгуу зарыл.
Минск жана Алматы шаарларында тузулгон документтин озгочулугу- бул анын абсолюттук легитимдигинде. Буга чейин СССР мамлекетинин, Совет республикасынын чек ара боюнча кабыл алынган буйруктарынын легитимдиги кумон,себеби алар,жогоруда айтылган саясий жана укуктук процесстерден толук кандуу откон эмес, андан тышкары бири бирине каршы. Ошондуктан,Совет окмотунун чечимдерин жетекчиликке алып, алардын бири бирине каршы каршылыгына байланыштуу, жаны пайда болгон эгемендуу мамлекеттер,чек араларын чечип алабыз деген аракеттерин саясий жана укуктук тунгуюкка( тупике) чыр чатактарга алып келгенинин себеби.
Жогоруда айтылганга байланыштуу,узак мооноттогу ар тараптуу кызыкчылыктарды камдоо жана копко узарып кеткен чек ара маселелерин туболукко чечуу максатында кызыкдар болгон тараптар,Минск жана Алматы шаарларында тузулгон,жеке легитимдуу документке кайрылып,аны чек ара маселелерин чечкенге жетекчиликке алышы зарыл.
Экинчиси,Минск жана Алматы шаарларында тузулгон келишимде, СССР бузулган моментке жараша,мурдагы Совет республакаларынын административдик чек аралары мамлекеттик чек ара деп эсептелсин деп так жазылган. Ошондуктан, ар тараптар бул докумунтти жетекчиликке алса,чек ара линиясы ошол замат такталат,андан улам демаркация иштери тез арада бутуп, чек ара мамилелери укук талаада чечиле турган болот .
Учунчудон, Минс жана Алматы шаарларында тузулгон келишимди ар тарптар жетекчиликке алса ,анклав жана эксклавдардын чек ара линиялары ошол замат такталып,андан тышкары алардын проблемаларын эффективдуу чечкенге ,биздин шартыбызга эн ынгайлуу: » Режим особого функционирования анклавов и экславов» деген моделди ишке ашырганга жол ачырат. Бул моделдин негизги шарттары томондогудой:
— анклав жана экславтарга кирип- чыгуу тоскоолдуксуз,бир эле учет негизинде;
— анклавда жашаган коншу мамлекеттердин жарандарынын Баткен облусунун территориясында кыймылы жана эмгек аракеттери тоскоолдуксуз,бир эле учет негизинде,ошондой эле укуктар Баткен облусунун жашоочулары учун анклавдын территориясында;
— анклавдын территориясында мотордуу,оор куралдуу кучторду кармаганга тыюуу салуу,бир эле коопсуздук,укук жана коомдук тартип коргоо кучторуно уруксат, анклавтарга кирген жана чыккан ок атчуу куралдардын учету Кыргызстанда болушу тийиш;
— Кыргызстан тараптан анклавтардын суверенитетине жана такталган чек арага кол тийбестигинин жана коопсуздугунун кепилдигин беруу;
— жогорудагы чараларды жана кепилдиктерди,эки тараптуу жана ар тараптуу узак мооноттогу келишимдер менен ,жана атайын мыйзамдар менен бекемдоо;
Тортунчусу,чек ара аймактарына тиешелуу ,атайын социалдык — экономикалык онугуу программасын тез арада иштеп чыгып,аны ишке ашыруусу зарыл.
Бешинчиси,жерди жана сууду,жайыттарды,атайын социалдык-экономикалык программанын алкагында уномдуу жана эффективдуу колдонууга тийиш.
Алтынчысы, эгер жогоруда айтылган чаралар ишке ашса,кошуналардын,Кыргызстандын территориясынын эсебинен ,проблемаларын чечуучу аракеттерине кескин тыюу салынат.
Жетинчиси, биздин чек арадагы жашаган элибиздин,озунун аздыгына карабай,кошуналарыбыздын мыйзамсыз жана адилетсиз мамилелерине каршы, улуттук ар- намысын жана кызыкчылыктарын коргогонго,улуттук абийрин сактаганга кылган аракеттери колдоо таппай,тескерисинче ,чыгаан жигиттерибиз,эже-карындаштарыбыз куугунтукка алынып,алардын жана алар менен кошо элдин » духун» сындырганга кылган аракеттерибиз ,улуттук коопсуздукка жана кызыкчылыктарга каршы, акылга жана логикага сыйбаган иш болуп жатат.
Жыйынтыгында, дагы бир нерсеге конул бургум келет. Азыркы учурда чек арада болгон акыркы суук окуяларга байланыштуу ,коом жана эл, тиешелуу жана чечкиндуу кадамдарга барууну талап кылууда. Бул тема, соцтармактарда ,коомдо жана Жогорку Кенеште активдуу талкууда. Биз чечкиндуу кадамдарга бара турган болсок,озубузго кобуроок зыян келтирип алабыз,ошондуктан чек ара маселесин нукура дипломатиялык жол менен чечуу керек деген да ойлор айтылууда.
Менин пикиримде,дипломатиялык жолдорго эч ким каршы эмес, бирок биздин дипломатиялык кыймылдарыбыз жыйынтыгын бербей жана отумдуу болбой жатпайбы. Жергиликтуу бийлик жана службалар ортосундагы суйлошуулор бери турсун ,эн жогорку денгээлде откон,эки президенттердин суйлошуулордон кийин да ,жыйынтыгы ишке ашпай,чек арадагы провокациялар,кан тогулуу жана олумдор ,тескерисинче ,куч алып, оор куралдарды,учактарды колдонуп,куралдуу агрессияга чейин жетип жатпайбы. Бул биздин дипломатиялык кыймылдарыбыздын маскарасы болуп жатпайбы,биздин дипломатиялык созубуздун салмагынын жоктугу болуп жатпайбы.
Дипломатиялык кыймылдар отумдуу болуш учун, экономикалык,финансылык жана куралдуу кучтун рычагдары менен толуктанып туруш керек. Дипломатиялык кыймыл отумдуу болбой калганда,артында турган экономикалык жана кучтун рычагдарынын кыймылы башталат. Бул дуйнолук тажрыйба. Дипломатиянын артында турган экономикалык жана куч рычагдарын бироого зыян келтируу максатында эмес,дипломатиялык создун салмагын которуу максатында колдонот. Тажик тараптан жасалып жаткан акыркы провокациялар, кезектеги жолугушуунун алдынан , кыргыз тарапка кылып жаткан басым эмес деп ким кепилдик бере алат?
Айтылгандар куру соз болбош учун,озумдун башымдан откон тажрыйбамдан айтып берейин. 2005-жылы ,баарына белгилуу революциянан кийин, Баткен облусунун элинин курултайында губернатор болуп шайландым. Ал кезде чек арадагы аквал бугунку кунго караганда 2 эсе оор болчу, айланма жолдор такыр жок болчу. Облустун территориясынын ичинде,бир райондон экинчи районго отуш ,ары турсун бир айылдан экинси айылга отуш учун, Сох жана Ворух анклавдарын же Озбекистан менен Тажикстандын негизги территориясын аралап, ондогон посттордон корбогон кордукту коруп, отууго мажбур болчу Баткендин эли. Ошол шартта, эмгек кундору кабинетте иштеп, эс алуу кундору эл менен жолугууга чыгат элем. Жолугушууларда бардык жерлерде эл ар дайым негизинен уч эле талапты койчу- сууду,жолду жана чек араны чечип бер деп. Биринчи кундору, адаттагыдай эле элдин талабын аткаруу максатында,каттарды жонотуп, ар тараптуу суйлошуулорду жургузуп жаттык. Бирок жыйынтыгы элди канааттандыруу болбоду окшойт, кезектеги Кадамжай районунун Бургонду зонасында жайгашкан айылдарынын эли менен жолугушууга барганда, эл менден катуу талап кылышты, кошуналарга чечкиндуу чара кор, чек араны жана сууну жап деп. Бирок,мен элге суроо бердим » эгер мен силердин талабынарды аткара турган болсом, озунор талаа менен каттоого дуушар болосунар,ошого чыдайсынарбы? » деп. Эл: » канча болсо чыдайбыз» — деп жооп берди. Ошол куну чек ара кучторунун торагасы Субанов менен байланышып,жоопкерчиликти жеке озумдун мойнума алып, чек араны Фергана облусу менен жаптык,Кадамжай районунун акими Дыйканбай Кенжебаев Озбекистанга кеткен Шаймардан суусунун коломун азайтты. Фергана облусунун тиешелуу дыйкандары жана Сох анклавынан тургундары кочого чыгып ,тополон салышты. Эки саат отпой, Фергана облусунун губернаторунун орун басары чек арага келип, чек араны жана сууну ачканды суранды, биз да талаптарыбызды койдук, ошол талаптарды аткарууну сурандык. Бирок,ал биздин талаптарыбызды аткарууга губернатордун гана укугу бар экенин айтты, анда биз кечирим сурап анын суранычын аткарбашыбызды билдирдик, Фергананын губернаторуну бизге келишин сунуштадык. Ошол эле куну кечке жакын Ферганадан телефон чалышып, губернатор Баткенге жолугууга барат ,кутуп алыныздар деп айтышты. Фергананын губернатору Баткен шаарына тунку саат 12лерге келди, тилекке каршы фамилиясы эсимде жок,экообуз менин кабинетиме кирип суйлошкондо, мага енин орун басарым маалыматтын баарын берди , 4 сааттан ашык озубузчо териштирдик. » Куноо бизден кетиптир, тиешелуу чараларды кордум жана силердин талабынар толугу менен аткарылат» деп айткан. Мен ал кишиге терен ыраазычылыгымды билдирип, эки жакты пайдалуу чечимге келдик. Менин айтаарым,биз Озбекистандан ошол кезде ото коз карандылыгыбызга карабай, элдин колдоосунда,чечкиндуу кадамдарга бардык. Озбекистан тарап да, биздин мажбурлуу чараларыбызды туура тушунуп, биздин талаптарды канаатандырды,айлап чечилбеген маселелер бир кундо чечилди.
Ошондон кийин,кошуналардан транспорттук коз карандыктан кутулуу максатында , 2005- 2006 жылдары биринчи кезекте, Сох анклавын айланып отчуу жолдорун ашар ыкмасы менен курдук. 2006- жылдын ноябрь айында баштап, 2007- жылы июль айында » Баткен- Бургонду- Пульгон» 100 км айланма жолунун курулушун ашар ыкмасы менен бутурдук. Андан тышкары, Евросоюздан каржыланган , Чорку айылынын территориясынан ото турган ,Самаркандек жана Минорук кыргыз айылдарын бириктире турган эстакаданан баш тартып, Евросоюздун Кыргызстандагы окулдорун ынандырып, бюджетин 6 млн евродон 10 млн еврого кобойтуп, озубуздун территориянан ото турган Тортгул-Кокташ — Рават айланма жолун проектисин тузуп, аны ишке ашыруу максатында даярдадык. Менин бугунку кунго чейин окунгон жерим бул Аксай-Тамдык айланма жолун курганга жетишпей калганым. Бирок ал менин куноом эмес, мени башка жумушка которуп салгандыгына байланыштуу.
Созумдун акырында , бут Кыргызстандын элине ,мекендештериме аманчылыкты,тынчтыкты, токчулукту жана молчулукту, чын ден соолук каалаймын. Кыргызстанды кырсыктардан , ооруу- сыркоолордон Алла Таалам озу сактасын.
Көңүл бурганыңыздарга чон рахмат!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс