• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСТУК СОТУ «ЖЕҢГОНУ» ТОЛУК АКТАДЫ

Автор:ruh_admin

Июл 27, 2022

ОШ. Ош облустук соту өз өкүмүнүн негизинде акыркы сааттарда “Женго” каймана аттуу Кадырбек Досоновду толук актады.

Облустук соттон маалымдашкандай, Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү эч өзгөртүүсүз  калтырылды. Өкүмгө нааразы тарапка Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу укугу түшүндүрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс