• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЖУРНАЛИСТТИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА СОТКО ЖАПА ЧЕККЕН ТАРАП КЕЛГЕН ЖОК

Автор:ruh_admin

Июл 27, 2022

БАТКЕН. Журналист Арзыгүл Галымбетованын ажалына күмөндөлүп абакта жаткан жергиликтүү блогер Батмакан Жолболдуеванын 21-июлга белгиленген соту жапа чеккен тарап катышпагандыктан, башка күнгө жылдырылды. Баткен облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, эми кийинки отурум ушул жылдын 28-июлуна белгиленди. Бул иш Баткен райондук сотунда каралууда.

Баса, баткендик блогер Батмакан Жолдубаева Жалал-Абаддагы тергөө абагында отурат. Ош облустук ички иштер башкармалыгы ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Ээнбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгондугун маалымдаган.

37 жаштагы калемгер Арзыгүл Галымбетова быйыл 25-мартта Баткенде өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, ошондон ары эсине келбестен каза тапкан эле.

“Ютубда” 49 миңден ашуун катталуучусу бар “Батма-бат” каналынын автору Батмакан Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын жана товарларды сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин дагы кескин сындап келаткан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс