Өлкөбүздүн түштүгүндөгү аэропорттон эми ири көлөмдө жүк да ташыла баштайт.
«Манас» Эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырды. Ушул эле учурда республикабыздагы эң ири аба майданынын жетекчиси «Ош» эл аралык аэропортунда жүк ташуучу терминал курулаарын дагы убалады.
— Мен Түштүк жересине жасаган расмий сапарымдын алкагында «Ош» аэропортунда жүк ташуучу терминал жайгаша турган аянтты дагы жеринде изилдеп чыктым, — деп кошумчалады кабарчыбызга курган маегинде «Манас» Эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов.
Баса, «Манас» Эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов аталган сапарынын жүрүшүндө «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкерлери менен дагы бетме-бет жолугушуп, алардын арыз-муңун угуп, бир катар суроолоруна дагы жооп кайтарды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.