• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

«ИХСАН ГРУПП ЛТД»   КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС ТУРАК-ЖАЙ КООПЕРАТИВИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАНА ММКга                                                      КАЙРЫЛУУ ЖАСАШТЫ

Автор:ruh_admin

Июл 26, 2022

«Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жалпы 10959  мүчөсү бар. Биздин кооперативдин негизги максаты — калкты турак жай менен камсыздоо. Ушул тапта кооператив тарабынан 3607ге жакын жаранга  турак-жай жана ар түрдүү авто унааларды алып берди. Элдин жашоо-турмушу жана кичи  жана ишкердиктин өнүгүшүнө дагы аталган кооперативтин салымы өтө зор.                                   

Мындан тышкары «Ихсан ГРУПП ЛТД» Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин өлкөбүзгө кошкон салымдарынын бириички жана сырткы миграцияны басаңдатты. Ушул жылдын январь айына карата 300дөн ашуун адамды иш менен камсыздады. Аталган кооперативге 10959 жаран турак-жай алуу үчүн арыз менен кайрылса, булардын арасынан 3607 жаран турак жай жана авто унаа сатып алышты. Кооператив  ар кандай бут тосууларга карабастан, Кыргыз элине пайызы жок үйгө болгон муктаждыкты “Ашар” ыкмасы менен чечсе болоорун кашкайта далилдеди. Ошондой эле  кооператив менен сатып алуу жана сатуу келишимине ылайык 400гө чукул жаран карыздарынан мөөнөтүнөн мурда кутулушту. Мындайча айтканда, сатып алуу келишимин түзгөн жарандардын 33 пайызы туракжай жана авто унаа сатып алып, булардын арасынан 12 пайызы мөөнөтүнөн мурун толугу менен келишимде каралган карыздарынан кутулушту. Ал эми 3207 жаран ушул тапта ай  сайын келишимде белгиленген өлчөмдөгү төлөмдөрдү төлөп келатышат.

Баса, «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин өлкө ичиндеги кеңселерине туракжайга  болгон муктаждыкты чечүү максатында   500-600гө жакын жаран кеп-кеңеш алуу үчүн кайрылышкан. Булардын арасынан 100гө жакын жаран биз менен өз ара келишимдерди түзүшүп, турак-жайга болгон  муктаждыгын  чечип,  30га чукул турак жай сатып алынып турган. Ушул тапта 7352 жаран өз кезегин күтүп олтурушат. «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативи “Мунара” строй  жана Пик Хаус, “КЖ ДЭКАН” курулуш компаниялары менен 150 батирге келишим түзүп, 34 жаран дагы өзүнчө батирге ээ болушту. Ал эми «Нурзаман», «Элит строй сити» жана башка курулуш компанияларынан 100гө чукул жаңы үйлөрдөн  сатылып берилген.

«Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин айланасындагы  болуп жаткан ыңгайсыздыктардын келип чыгышынын бирден бир себеби: дүйнө жүзүндөгү туташ кризис, Орускраин согушу, АКШ долларынын курсунун өсүшү, башкача айтканда баасы 35000 АКШ доллары турган батирлердин баасы курстун өсүшү менен 45000 АКШ долларына чейин көтөрүлд\.

Ички Иштер Министри  массалык маалымат каражаттарына  «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин баардык эсептери жана мүлктөрү камакка алынып, жабырлануучуларга соттун чечими менен төлөнүп берилет!” деп жар салды.

А өзү «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин уставынын 7-бөлүгүнө ылайык, кооператив Кеңеши байкоочу орган болуп эсептелет. ИИМдин тергөө кызматы негизсиз  жолдор менен кооператив Кеңешинин төрайымы Бекмурзаева Акинай Төрөбековнаны камакка алып, аудиттин  текшерүү справкасы жок экендигине карабастан Кылмыш-Жваза Кодексинин “Алдамчылык жана Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген  беренелерди коюшкандыгы аша чапкандык, ошондой эле  өзүм билемдик деп гана эсептейбиз. Анткени, каржылык  иштердин баардыгы аудиттин справкасын жетекчиликке алып иш козгоо мыйзамга ылайык болмок. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын аудити  текшерүү иштеринин аягына чыга элек.

Ошондуктан, «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак жай кооперативинин  кээ бир  мүчөлөрү менен түшүнбөстүктөр жарандык тартипте жана Кооператив жөнүндө мыйзамдын  16-беренесинин талабына ылайык, эгер жаран үлүшүн алууну кааласа 1 жыл 3 айга жакын мезгилде кооператив кайтарып берүүгө милдеттүү эле. Азыркы болуп жаткан окуялар «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин   башкармалыгынын гана көйгөйү. Ушул темп менен кетсе беш-алты айда Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын азыркы аракеттеринин кесепеттери Кыргыз Республикасынын бийлигине өз кесепетин сөзсүз тийгизет. Ошол себептүү жүйөөсүз козголгон кылмыш иштерди токтотуп,  кылмыштын курамы жок болгондуктан, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы жарандык тартипте карала турган маселеге таптакыр аралашпаш керек!

Жогорудагыладын негизинде Кыргыз Республикасынын конституциясынын гаранты катары  өлкө президенти Садыр Жапаровтон «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооператив Кеңешинин  төрайымы Бекмурзаева Акинай Төрөбековны камактан чыгарып, азыркы көйгөйлөрдү чукул арада чечүүгө түздөн-түз көмөктөшүүңүздү суранабыз?!?

Кайрылуу Бишкек шаарында «Ихсан ГРУПП ЛТД»   Коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин кооператив Кеңешинин  төрайымы Бекмурзаева Акинай Төрөбековнаны колдоо   митингинде кабыл алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс