• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛҮ АБСАТТАР СЫРГАБАЕВГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 28, 2022

ЖАЛАЛ-АБАД. Президенттин «Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышына жетиштүү түрдө көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды.

Бул туурасында Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүндө өткөн кеңешмеде президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган чечимди президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдирди. Ал бул кеңешмеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылып, президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартууга гана багытталгандыгын баса белгиледи.

— Калк арасында тиешелүү жана жетиштүү түшүндүрүү иштери мындан ары дагы ырааттуу улантылышы абзел! Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын чындап түшүнүшүбүз абзел! Мунун айынан айрым жарандарыбыз карызга дагы батып, береседен көп  жылдар бою араң кутулууга туура келип жаткан чагы, — деп тызылдады президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев.

Биздин мурду балта кеспеген жергиликтүү чоңдорубуз эми бул сөгүштүн жыйынтык чыгарышаар бекен? Албетте, муну мезгил көрсөтөт…

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс