ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл Өкмөтүндө “Алтын түйүн” балдардын Улуттук инженердик—техникалык Академиясынын филиалы ачылды.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, “Алтын түйүн” балдардын Улуттук инженердик—техникалык Академиясынын директору Жаркын Бапанова жана Ош облусундагы райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты. Ошентип, аталган Академиянын филиалы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ачылып, буга Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун колдоосу аркасында облустук өнүктүрүү фондунан бул имаратты оңдоп—түзөөгө жалпысынан 1,8 миллион сом ажыратылды. Буга улай Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу аркасында Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан 3,5 миллион сомдук окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар дагы сатылып алынды.
Келаткан жаңы 2022-2023-окуу жылында “Алтын түйүн” балдардын Улуттук инженердик-техникалык Академиясынын филиалында үч багытта — робототехника, информатика жана техникалык моделдештирүү ийримдери уюштурулуп, Ош жергесиндеги талантуу окуучулар кабыл алынат жана жаш ойлоп табуучулар, ошондой эле аларды окуткан мугалимдер үчүн мастер—класстар жана семинарлар байма-бай уюштурулат. Эскерте кетээрибиз: буга дейре ушундай эле филиалдар Баткен жана Жалал-Абад облустарында дагы ачылып, иштей баштады.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.