• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

ОшМУ ЫСЫК-КӨЛДӨ БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНДЫРДЫ

Автор:ruh_admin

Июн 28, 2022

ОШ. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Кыргызское взморье» санаториясында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кезектеги спартакиадасы ийгиликтүү аяктады.

         Жалпы командалык эсепте ОшМУнун командасына биринчи орун ыйгарылды. Анткени, 40 жашка чейинкилердин категориясында ОшМУнун спортчулары волейбол, стритбол, шахмат, теннис жана ордо боюнча биринчиликти колдон чыгарышкан жок! Ошентип, ОшМУнун 14 командасынын 11и жалаң байгелүү орундарды гана ээлешти. Соңунда ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков өлкөбүздүн Улуттук олимпиада комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланды. Айтмакчы, аталган университеттин спорттук делегациясын ОшМУнун студенттер коомчулугу менен иштөө боюнча проректору Ж. Артыкова жана профсоюз комитетинин төрагасы А. Саттаров жетектеп барышкан.

Баса, «Ден сооолук-2022» спартакиадасын Кыргыз Республикасынын маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, ошондой эле өлкөбүздүн билим берүү жана илим министрлиги уюштурду.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс