ОШ. Ноокат районунда 16 жаштагы кызды жигиттер тобу адегенде зордукташып, андан соң кафеге таштап кетишкен.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташкандай, бул кайгылуу окуя июнь айынын башында жүз берген. Жабырлануучунун айтымында, аны Зулпуев Айыл Өкмөтүндөгү «Кызгалдак» кафесинен зордукташып, андан ары ушул жайга таштап кетишкен.
Ушул тапта жаңы гана кылмыш иши ачылып, тергөө жараяны жандандырылды. Укук коргоо кызматкерлери жашы жете электерге байланыштуу ар кандай маалыматты коомчулукка жарыялоого тыюу салган Балдар кодексине таянып, бул туурасында дагы кеңири маалымат берүүдөн баш тартышты.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.