• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ШЫЛУУН КОҢШУСУНУН БЕШ МИҢ СОМДУК КИЛЕМИН УУРДАГАН

Автор:ruh_admin

Июн 28, 2022

БАТКЕН. Баткенде уурулукка шектүү жаран акыры кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну коңшусу дубалга илип койгон килеми уурдалганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Айтымында, килемдин баасы 5000 сом экен.

Бул факт Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыщ иши козголуп, андан ары ыкчам иликтөө дагы жүргүзүлгөн. Мунун натыйжасында жоголгон килем буюм ээсинин коңшусу, 43 жаштагы Т.А.нын үйүнөн гана табылып олтурат.

Ушул тапта уурдалган килем өз ээсине кайтарылып, бул фактынын негизинде тергөө жаряны күчөтүлдү.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс