• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ ИШТЕР КҮЧӨТҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Июн 28, 2022

БАТКЕН. Баткенде экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жаатында бул жоруктардын алдын алуу боюнча иштер ого бетер күчөтүлд\.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремиздин жана терроризмдин алдын алуу программасына жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин 2022-жылга түзүлгөн негизги уюштуруу иш-мерчемине ылайык Баткен облусунун аймагында соңку күндөрдө «Экстремист» аталышындагы ыкчам иш-чарасы уюштурулду.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагында терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу багытында өзгөчө көңүл бурулуп, милиция кызматкерлери дин өкүлдөрү менен чогуу-чараан жер-жерлерде, андан ары калк арасында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында, «Терроризм, экстремизм, радикализм түшүнүгү жана алардын Кыргызстанда келип чыгышы», «Жаштардын радикалдашуусунун жүйөөлүү себептери, алардын алдын алуу», «Кыргызстандын аймагында коркунуч туудурган диний агымдар жана алардын бөтөнчөлүктөрү» жана «Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар» деген темаларда жарандар менен ачык-айкын мектешүү, анан дагы түшүндүрүү жараяны ырааттуу жүргүзүлдү.

Ошентип, «Экстремист» аталышындагы ыкчам иш-чаранын соңунда анын катышуучуларына 500дөн ашуун диний экстремизмди алдын алуу багытында усулдук китепчелер жана буклеттер дагы таркатылды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс